Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу үчүн рейтингдин мааниси жөнүндө

Новости
19-Ноябрь 2017-ж.
1972
18-19-октябрда Moody’sInvestorsService рейтинг агенттигинин өлкөнүн атаандаштык жөндөмүнүн рейтингин жыл сайын өткөрүлө турган баалоонун алкагында Кыргыз Республикасына болгон иш сапары болуп өттү


Иш сапардын жүрүшүндө аналитиктер министрликтер менен ведомстволордун, эл аралык финансы институттарынын, коммерциялык банктардын ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет элдик өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Өз кезегинде 18-октябрда агенттиктин өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министрдин орун басары Эльдар Абакиров жана министрликтин түзүмдүк бөлүктөрүнүн начальниктери менен жолугушуусу болуп өттү.


Министрдин орун басары аналитиктердин жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирүү менен Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу үчүн рейтингдин маанисин белгилей өттү, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал менен Кыргыз Республикасында акыркы жылдарда өткөрүлүп жаткан экономикалык реформалар менен тааныштырды.


Ошону менен бирге, Э.Абакиров 2017-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыктары боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 334 млрд 983,9 млн сомдутүзүп реалдуу өсүү темпи 106,4% түзгөнүн маалымдады.


Ошондой эле Э.Абакиров Кыргыз Республикасына 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында келүүчү 369,5 млн.АКШ долларын түзгөн түз инвестициялардын динамикасы менен структурасын белгилеп өттү. Ошону менен бирге Кыргызстандагы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2017-жылдын 8 айында 3 млрд 888,4 млн АКШ долларын түзүп 12.1 % түздү.


Сөзүнүн аягында министрдин орун басары Э.Абакиров мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артып Moody’sInvestorsService рейтинг агенттиги тараптан объективдүү рейтинг жүргүзүлө тургандыгына ишеним артты.

Маалымат үчүн:

2015-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан Moody’sInvestorsServicе рейтинг агенттиги менен макулдашууга кол коюлган.
2016-жылдын декабрында Moody’sInvestorsService агенттиги Кыргыз Республикасын "В2" деңгээлинде "туруктуу" деген рейтингин тастыктады.
«Moody’sInvestorsService» рейтинг агенттиги рейтинг агенттигинин "Чоң үчилтигине" кирет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу