Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1 долбоорун ишке ашыруу жөнүндө

Новости
15-Ноябрь 2017-ж.
2039
Ушул жылдын 10-октябрынан Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1 долбоорун ишке ашыруу башталды.
Негизги алуучулар:
-экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар
Каржылоо тармактары:
-Кайра иштетүү өнөр жайы;
-Жеңил өнөр жайы;
-Тамак-аш өнөр жайы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү;
-Өнөр-жай өндүрүшү чөйрөсүндө республикада өндүрүлбөгөн товарларды, продукцияларды, жабдууларды чыгаруу боюнча иштеген ишканалар;
-Жогорку технологиялуу продукцияны жана жабдууну өндүрүүчүлөр.

Кредит берүүнүн негизги шарттары:
-жылдык акыркы пайыздык чени -10%;
-кредиттин мөөнөтү жүгүртүү каражаттарына 3 жылга чейин жана негизги каражаттарга 5 жылдан ашык эмес;
-жеңилдетилген мөөнөт негизги сумма боюнча 6 айга чейин;
-кредиттин көлөмү 250 млн.сомго чейин

Долбоордо катышуучу коммерциялык банктар:


ААК «Оптима Банк»
ААК«Айыл Банк»
Кыргызкоммерцбанк”
РСК Банк”
КБ Кыргызстан”
АК«Бакай Банк»
ЖАКДемирКыргыз Интернэшнл”
Банк Бай Түшүм”
БТА Банк.

Кредит берүүнүн милдеттүү шарттары(талаптары):
- өнөр-жай линиясынын болушу,
-кредит боюнча мөөнөтүнөн кечиктирип төлөгөн, салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча терс кредиттик тарыхынын болушу;
- экспортко багытталган ишкана үчүн келип чыгуу сертификатынын СТ-1 формасынын болуусу.
Долбоордун статусу:
-аталган банктар менен макулдашууга кол коюлду, бюджеттен акча бөлүндү;
-кредиттин суммасы -3,5млрд. сом;
Коммерциялык банктар кредит алууга арыздарды топтой баштады.

Аталган банктарга жана алардын регионалдык түзүмдөрүнө кайрылууга болот.

Кенен маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана экспорт боюнча агенттиктен алууга болот. Байланыш тел 62-38-53 же 62-38-60.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу