Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Казакстан Республикасынын ЕАЭБдин укуктук ченемдеринин талаптарын сактоо зарылчылыгы жөнүндө ЕЭКке кайрылды

Новости
15-Ноябрь 2017-ж.
2080

Казакстан Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүүчү пункттарда түзүлгөн кырдаалга жана ата-мекендик жүк ташуучулар башынан өткөрүп жаткан көйгөйлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, казак тарабы Евразия экономикалык союзунун(ЕАЭБ) укуктук ченемдери сакталбай жаткандыгын белгилейт.

Казакстан Республикасы тараптан бардык өткөрмө пункттарына киргизилген кошумча контрол ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимдин негизги принциптерине жана максаттарына карама-каршы келет жана Евразия экономикалык интеграциясынын максаттарына жетишүүгө коркунуч жаратат. Казакстан Республикасы товарлардын эркин өтүүсүнө чектөө киргизүү менен ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда иштөөнүн негизги принциптерин бузууда.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ЕЭКтин Коллегиясынын төрагасы Т.С. Саркисянга 2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндөгү Келишимдин жоболорун сактоо жөнүндө Казакстан Республикасына билдирүү берүү зарылчылыгы жана бул маселени ЕЭКтин жакынкы Коллегиясында кароо жөнүндө тиешелүү кат жолдоду.

Маалымат үчүн :

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтары боюнча эң ири "Ак-Жол" автожол жана "Ак-Тилек" автожол өткөрмө пункттарында Казакстан Республикасы кошумча чараларды киргизгенге чейин Кыргызстандан чыгуучу адамдарынын саны 8176 адам, транспорт каражаттарынын саны 662 бирдикти түзүп анын ичинен 388 жүк ташуучу транспортту түзгөн.

2017-жылдын 10-октябрынан баштап аталган өткөрмө пункттарында Кыргызстандан чыгарылган адамдардын жана транспорт каражаттарынын саны 3446-адам жана 357-транспорт каражаты болсо анын ичинен 162си жүк ташуучу автоунаалар. Анын ичинде 2017-жылдын 10-октябрынан 16-октябрына чейин бардык өткөрмө пункттарында машиналардын топтолуусу байкалып казак чек арасында болжол менен 300гө чейин жүк ташуучу унаалар турат. Мисалы, 2017-жылдын 16-октябрына карата "Ак-Тилек автожол" өткөрмө пунктунда Кыргыз Республикасынан чыгып жаткан жүк ташуучу унаалардын саны 270 бирдикке жетсе, "Чоң Капка -автожол" өткөрмө пунктундагы жүк ташуучу автоунаалардын саны 115 бирдикке жеткен.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу