Стандарттар "акылдуу шаарларды" түзүүгө мүмкүнчүлүк берет

Новости
12-Ноябрь 2017-ж.
2031
14-октябрда Кыргыз Республикасында жана дүйнө коомчулугунда "Стандарттар "акылдуу шаарларды" түзүүгө мүмкүнчүлүк берет" деген девиздин алдында Стандарттардын дүйнөлүк күнү белгиленди,

Таза суунун жетишээрлик көлөмү, экологиялык жактан таза энергиянын түрүнө жеткиликтүүлүк, бир жерден экинчи жерге ыкчам жетүү, коопсуздук жана коргоодо болуу-булардын баары бүгүнкү күндөгү заманбап шаарлардын өз жарандарынын татыктуу жашоосун камсыз кылуусунун жана атаандаштыкка жөндөмдүү болуп кала берүүсүнүн негизги шарттары болуп саналат.
"Акылдуу шаар" куруу оңой эмес. Ар бир шаардын өз кыйынчылыктары бар, жана ал кыйынчылыкты жеңүүгө өз чечимдерин кабыл алууга тийиш. Бирок бул милдетти жеңилдетүү үчүн жалпы көрүнүштөр бар.

Стандарттар шаар жашоосунун бардык аспекттерине тиешелүү чечимдерди камтыйт, анда энергонатыйжалуу имараттар, интеллектуалдуу транспорт, таштандыларды натыйжалуу иштетүү, туруктуу коомдорду жана башка бир катар жашоо үчүн жеңилдик берүүчү нерселерди куруу кирет. Стандарттарды колдонуу менен биз акырындык менен биздин шаарларды "акылдуу" кыла алабыз.

Учурда ДСУнун алдындагы милдеттенмелерди аткаруунун зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору тарабынан стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдар жана өнүккөн өлкөлөрдүн стандартташтыруу боюнча улуттук органдары менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча чаралар көрүлүүдө.

СМБ Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм (ISO), Кодекс Алиментариус (CodexAlimenterius) , стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча өкмөт аралык кеңеш (EASC), Түрк стандарттар институту (TSE), БУУнун Европа экономикалык комиссиясы(UNECE), ислам мамлекеттеринин SMIIC стандарттар жана метрология институту ж.б менен активдүү кызматташат.

СМБнын эл аралык ишинин жыйынтыгы болуп, мисалы, кургатылган өрүккө карата эл аралык стандарттарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолору киргизүү, Кодекс Алиментариус менен иштөөнүн алкагында өлкөнүн арызын жактыруу, республиканын адистеринин ИСО эл аралык техникалык комитеттерде катышуусу ж.б.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу