Министр А.Новиков Кыргыз Республикасындагы Бангладештин элчиси менен жолугушууда соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүнү талкуулашты

Новости
12-Ноябрь 2017-ж.
2008

2017-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын экономика министри А.Новиков менен Ташкент шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасындагы Бангладеш Эл Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси мырза Масуд Маннандын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу өнүгүү үчүн зор мааниге ээ экендигин белгилешти. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Бангладеш Эл Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуунун активдешүүсү боюнча, анын ичинде өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча таасирлүү чараларды көрүү ниетин билдиришти.

Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү максатында Тараптар келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү жана экономика жана салык салуу чөйрөсүндөгү эки тараптуу макулдашууларга кол коюуну иштеп чыгуунун үстүндө жасалып жаткан иштерди улантуу боюнча макулдашышты.

Бул документтерди кол коюуга даярдоону тездетүү үчүн, Тараптар сүйлөшүү процессинде жаңы технологияларды колдонуу шартын жана Макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү видео-конференц-байланыш форматында жүргүзүүнү макулдашышты.

Кыргыз Тарап текстиль өндүрүү боюнча ошондой эле экологиялык жактан таза продукцияны Бангладештин рыногуна чыгаруу боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүнү сунуш кылды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Бангалдеш Эл Республикасынын бизнес-чөйрөсүнүн ишкерлери бири бири менен таанышып пайдалуу бизнес келишимдерине кол коюуга жетишүүсү үчүн эки өлкөнүн ишкерлерине иш сапарын уюштурууну макулдашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Кыргызстандын расмий адамдарын Дакка шаарына келүүгө чакырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу