Стандартташтыруу боюнча Өкмөт аралык техникалык комитеттердин иши жөнүндө

Новости
08-Ноябрь 2017-ж.
2128
Ушул жылдын 3-5 октябрында Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору Алматы шаарында Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу боюнча илимий -техникалык кеңештин 57-жыйынына МГС (НТКС), Стандартташтыруу, метрология жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндө маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча (РГ по ИТ жумушчу топтун 37-жыйынына жана Өкмөт аралык техникалык комитеттердин ишин уюштуруу боюнча жумушчу топтун 1-жыйынына катышты.

Иш чаранын алкагында Стандартташтыруу боюнча Өкмөт аралык техникалык комитеттердин ишин өркүндөтүүгө, МГС менен ИСОнун ортосундагы кызматташууну өркүндөтүүгө, Стандартташтыруу боюнча өкмөт аралык техникалык комитеттер боюнча иштерди уюштуруу жана методология жаатында РГ МТК жөнүндө Жобонун долбоорун иштеп чыгуу, 2016-2018-жылдарга өкмөт аралык стандартташтыруу боюнча иштердин программасын түзүү, 2018-жылга КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт аралык стандартташтыруу боюнча документтерин жайылтуу тартиптери жана эсепке алуу жана өкмөт аралык стандартташтыруу боюнча документтерди жайылтуу жөнүндө макулдашуунун долбоору каралды жана маанилүү маселелер талкууланды.

Бул жыйындын ишинде Өзбекстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын. Кыргыз Республикасынын, Молдова Республикасынын, Казакстан Республикасынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу