Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелер туруктуу өнүгүүдө

Новости
03-Октябрь 2017-ж.
2275

Бул тууралуу Кыргыз Республикасы экономика министри 2017-жылдын 6-октябрында Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкентте болуп өткөн "Кыргызстан-Өзбекстан-2017" Бизнес форумунда айтып өттү. Бул Бизнес -форум өлкө тарыхында биринчи жолу болууда, Кыргыз Республикасынан 200дөн ашык ишкерлер катышкан кеңири масштабдуу делегация катышууда.

Бизнес-форумдун катышуучуларын, анын ичинде мамлекеттик уюмдардын, ишкер коомдун өкүлдөрүн жана ушул иш-чаранын катышуучулары менен саламдашып жатып, министр, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык мамилелер өнүгүүдө, товар жүгүртүүнүн деңгээли да жогорулагандыгына токтоло кетти.

Ошентип өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 196,5 млн.АКШ долларын түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 26,8 % жогору болгон. Бүгүнкү күндө Өзбекстан Республикасынын аймагында кыргыз капиталы катышкан 30 ишкана иштейт, анын ичинде 26 биргелешкен ишкана жана 4 ишкана 100% чет элдик капиталдын катышуусу менен.

Экономика министри ошондой эле, Кыргызстан соода мамилелерин өнүктүрүүдө жана интеграциялык биримдиктерге кирүүдө олуттуу тажрыйбасы бар экендигин белгилей өттү. Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен 1998-жылы биринчилерден болуп Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчө болуп кирген, ошондуктан бизде алыскы чет мамлекеттер менен соода мамилелерин жасоодо өнүккөн укуктук талаа жана чоң тажрыйба бар.

2015-жылы Кыргызстан расмий түрдө кызмат көрсөтүү, товарлар, капиталдын жана жумушчу күчүнүн тоскоолдуксуз бири бирине кирүү зонасына ээ 180-млн калкы бар Евразия экономикалык биримдигине кошулду.

2016-жылдын январында Европа союзу расмий түрдө Кыргызстанга ВСП+ статусун ыйгарган. ЕСтин талаптарына жооп берген Кыргызстандын продукциясы 6000 товардык позиция боюнча 400 млн. Калкы бар ЕС мамлекеттерине бажы алымдарысыз импорттолот.

Мындан тышкары, Кыргызстан эң маанилүү стратегиялык аймакта жайгашкан Кытайдан Борбордук Азияга чыккан жолдо турган биринчи өлкө катары "Кытай-Борбордук Азия-батыш Азия экономикалык коридорунун" алкагында соода кызматташтыгын ишке ашырууда олуттуу роль ойнойт.

Өлкөдө либералдуу салыктык режим түзүлгөн. Пайда салыгынын ставкасы жана киреше салыгы 10% түзөт, КНС 12%. Инвесторлорго туруктуу иштөө шартын түзүү үчүн "Турукташтыруу режимин " камсыз кылуучу ченем киргизилген

Министр А.Новиков белгилегендей туризмди өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн 2012-жылы мыйзамга өзгөртүү киргизилген, тагыраагы, "60 күнгө чейин 61 мамлекеттин жарандарына визасыз режим киргизүү жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган.

Министр чыгып сүйлөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө видео-презентация көрсөтүлдү. Бизнес форумдун жыйынтыгы боюнча 10 макулдашуу жана 6 экспорттук импорттук контракттарга кол коюлду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу