Эки өлкөнүн бизнес коомчулугу жана мамлекеттик органдарынын катышуусу менен Кыргыз -Өзбек көргөзмөсү өтөт

Новости
05-Октябрь 2017-ж.
2033

2017-жылдын 5-октябрында Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында «Узэкспоцентр» Улуттук көргөзмө компаниясында эки өлкөнүн бизнес коомчулугу жана мамлекеттик органдарынын катышуусу менен Кыргыз-Өзбек көргөзмөсү ачылды. Бул окуя Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Ташкент шаарына болгон мамлекеттик визитине арналган.

Мындай иш-чара биринчи жолу болуп жатат жана ага кыргыз тараптан туризм бизнеси, жеңил өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, билим берүү, маалыматтык-коммуникациялык технология, энергетика жана өнөр жай тармагынан 250дөн ашык катышуучу катышууда. Ата мекендин экспоненттердин жалпы саны 90 дон ашык компаниядан турат.

Көргөзмөнүн ачылышында Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков чыгып сүйлөдү, ал сөзүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө, ал эми бүгүнкү көргөзмө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын кеңейүүсү үчүн аянтча болуп берет. "Бүгүнкү иш-чара биздин элдердин ортосундагы жемиштүү кызматташуунун башталышы жана эки мамлекетти жана элдердин кызыкчылыгы үчүн биз мындай иш-чараларды уланта беребиз" деп билдирди министр.

2017-жылдын 6-октябрында бизнес форум болот жана анын жүрүшүндө көргөзмөнүн жүрүшүндө жетишилген келишимдерге кол коюу болот.

Финляндия Өкмөтү тарабынан каржылануучу "Соодага көмөк көрсөтүү" ПРООНдун долбоору менен ата-мекендик бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн бул көргөзмөгө катышуусуна колдоо көрсөтүлгөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу