JICA жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрү Кыргыз Республикасындагы орто жана чакан ишкерликтин өнүгүүсүн талкуулашты

Новости
03-Октябрь 2017-ж.
3007

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде 2-октябрда Эл аралык Япон кызматташуу агенттиги (JICA) Йокоо Коитиронун жетекчилиги алдында бизнес коомчулук менен Кыргыз Республикасындагы орто жана чакан ишкерликтин өнүгүүсү жана бизнес-ассоциацияларынын ролун жогорулатууну иштеп чыгууну талкуулоо боюнча жолугушуу болуп өттү.

Бизнес-коомчулук менен өткөрүлгөн жолугушуунун алкагында ишкерлик чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаал орто жана чакан ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган чаралар, ошондой эле бизнес ассоциациялардын потенциалын күчөтүүгө жана мамлекет менен бизнес-коомчулуктун чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү саясатын иштеп чыгуу чыгууга биргелешкен мамилени иштеп чыгуудагы учурдагы кырдаал талкууга алынды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Бизнес жана инвестициялар боюнча кеңештин өкүлдөрү тараптан белгиленгендей, чакан жана орто ишкердик үчүн окутуу семинарларын, ишкерлерге эксперттик колдоо жүргүзүү үчүн региондордо (Нарын, Ысык-Көл, Талас) мамлекеттик-жеке диалогду күчөтүү үчүн аянтчалар түзүлгөн.

Мындан тышкары 2 жана 4-октябрда JICA өкүлө Й.Коитиро тарабынан Министрликтин кызматкерлери үчүн лекция өттү, анда Япониянын чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү жана калыптандыруу саясатын иштеп чыгуу саясаты боюнча тажрыйбасы жөнүндө кеңири баяндалган.

Онлайн кайрылуу