ЭЭЗге жайгаштыруудагы бажы алымдарын алып салуу жөнүндө

Новости
17-Октябрь 2017-ж.
1989
2017-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри "Эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболоруна товарларды жайгаштырууда товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттерди ишке ашыруу үчүн бажы төлөмдөрүн төлөөдөн бошотуу жөнүндө" токтомго кол койду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому ЭЭЗ субъекттери үчүн "Эркин бажы зонасы" жол-жобосуна жайгаштырылып жаткан товарларды алып келүүдө бажы наркын 0,25% өлчөмүндөгү бажы жыйымдарын алып салууну карайт. Ушул мезгилге чейин Эркин экономикалык зонанын бир эле субъектиси товарларды чыгаруу менен байланышкан аракеттери үчүн, тагыраагы даяр продукцияны ЭЭЗдин территориясынан чыгарууда эркин бажы зонасындагы бажылык жол-жоболорго эки жолудан бажы жыйымдарын төлөп келген.

Анын ичинде даяр продукцияны ЭЭЗдин территориясынан чыгарууда эркин бажы зонасындагы бажылык жол-жоболорго жайгаштырууда бажы жыйымдарын алуунун натыйжасында продукциянын өздүк наркы жогорулап аны башка өндүрүүчүлөр менен салыштырмалуу атаандаштык жөндөмүнө терс таасирин тийгизип келген. Ошону менен бирге белгилей кетүүчү нерсе бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу