Өлкөнүн бизнес коомчулугу 2040-жылга чейинки Фискалдык саясат концепциясын иштеп чыгуу демилгесин колдоодо

Новости
02-Октябрь 2017-ж.
2070

Тышкы чөйрөнүн, экономикалык кайра жаралуулардын жана стратегияларды кайра иштеп чыгуулардын өзгөрүү шартында бизнес коомчулук Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Фискалдык саясатынын концепциясын колдойт жана Фискалдык саясат концепциясынын долбоорун кеңири талкууга алуунун зарыл экендигин белгилешти.

Бул жөнүндө бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров, биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, экономика министри Артем Новиков, ошондой эле: НАБА, НДК, бизнес коомчулуктун өкүлдөрү жана бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышкан 2017-2040 жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Фискалдык саясатынын концепциясынын долбоорун талкуулоо боюнча тегерек столдун жүрүшүндө билдирүү жасалды.

Фискалдык саясат концепциясынын долбоорун презентациялоонун жүрүшүндө депутат А.Жапаров Кыргыз Республикасынын салык системасынын өнүгүүсүнүн негизги тенденциялары жөнүндө айтып кетти.

Республиканын салык тармагы биринчи Салык кодекси кабыл алынган Кыргыз Республикасы үчүн бурулуш жыл болуп эсептелген 1996-жылдан эгемендик алгандан бери жана 2009-жылы экинчи Салык кодекси кабыл алынгандан бери өз ишин жүргүзүп келет.

Кыргыз Республикасынын салык системасын колдонуунун жүрүшүндө, жалпысынан:

-салыктардын саны кыскарууда;

-атайын салыктык режимдердин саны өсүүдө;

-жалпысынан салыктардын ставкасы кыскарууда;

-салыктык жеңилдиктердин саны жогорулоодо;

-салыктык келип түшүүлөр жогорулоодо;

-салыктык башкаруунун сапаты, салыктык контролдун чараларын колдонуу маселелери сакталып турууда;

-көмүскө экономиканын орду бар.

Концепциянын долбоорун талкуулагандан кийин суроо жооп форматында сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин иш планынын алкагында октябрь-ноябрь айларынын аралыгында бизнес-коомчулуктун, эксперттердин, мамлекеттик органдардын жана кызыкдар тараптардын катышуусунда мамлекеттин, бизнестин жана калктын кызыкчылыктарын теңдештирүүнү биргелешип иштеп чыгуу максатында кеңири талкуу уюштуруу сунушу берилди.

Ошондой эле бизнес-ассоциацияларга өзүнүн мүчөлөрүнүн арасында бизнестен максималдуу түрдө сунуштарды алуу жана бизнестин кызыкчылыктарын эсепке алуу үчүн талкуу жүргүзүү сунушу берилди.

Өз кезегинде бизнес-коомчулуктар Экономика министрлиги менен биргеликте Жогорку Кеңештин депутаттары менен талкуулоо үчүн Фискалдык саясат концепциясынын долбоорун аягына чыгаруу милдетин алышты.

Жогоруда келтирилгендерди белгилөө менен Экономика министрлиги бизнес коомчулуктар менен фискалдык саясат эксперттерин талкуулоого активдүү катышууга жана өз сунуштары менен сын-пикирлерин ysabekov_kuba@mail.ru;umpmel@gmail.com сайтына жана төмөнкү тел 0312-62-05-35 (доб.+180; +176), 0555 686646 жиберүүгө чакырат, бул сунуштар менен сын-пикирлер ведомство аралык комиссиянын кароосуна жалпыланып киргизилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу