Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Новости
01-Октябрь 2017-ж.
2071

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы "Бийлик органдарындагы системалуу жана саясий коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматындагы системалуу коррупцияны түп тамырынан бери жоюу боюнча деталдаштырылган пландын 1.1, 2.1, 2.7,2.8, 2.9,2.11 жана 2.12 пункттарына ылайык иштелип чыкты.

Бул долбоор менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4,50,100,108,353,358 жана 369 беренелерине өзгөртүү киргизүү жана 114-1 беренесин толуктоо сунуш кылынууда.

Ошентип, өз алдынча эмгек кылган бала багуучу, тигүүчү, лектор, эксперттер жана башкалар өз эмгектерин сунушташып, пайда көрүү максатында эмес кылган эмгектери үчүн сыйакы алышат. Мындай жарандарга салык салуу салык салуунун тиешелүү түрүнөн айырмалануусу керек. Ошондуктан аталган долбоор менен төмөнкүлөр сунуш кылынууда:

- "жеке иш" жана "жеке ишкердик" деген түшүнүктү киргизүү;

-салык салуудагы өзгөчөлүктү кароо, анткени, ишкердик ишти жүзөгө ашырып жаткан салык төлөөчү алуучу киреше жарандардын жасаган иши үчүн алган сый акы менен салыштырганга болбойт. Ошентип, сунуш кылынган ченемдерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде регламенттелген салык салуудагы акыйкаттуулук принцибин сактоону камсыз кылат, ошону менен бирге "өз алдынча иштеген" калкка карата чараларды колдонуу боюнча коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарат.

Ошондой эле мыйзамсыз иш жүргүзгөн жана мыйзамдагы башка кемчиликтерге жол берген ишкер субъекттердин экономикалык иши менен байланышкан мүлктүк объекттерге жана башка предметтерге карата, катталбаган ишкерлерди "калкалоо" коррупциялык мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу максатында регламенттөөчү ченемдерди жана жол-жоболорду киргизүү каралууда.

Азыркы колдонулуудагы тартипте салык кызматынын кызмат адамдары уруксат документтери жок (лицензиясы, салыктык каттоосу жок ж.б) экономикалык иш жүргүзүп жаткан факты белгилүү болсо, салыктык каттоодон өтүү зарылчылыгы жөнүндө билдирүү берүүгө жана административдик жоопкерчиликке тартуу укугуна ээ. Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасы Администрациялык жоопкерчилик жөнүндөгү Кодекстин алкагында жеке жактар үчүн административдик айып пулдун суммасы эң көбү 2000 сомду түзөт. Иш жүзүндө салык кызматынын кызматкерлеринин бул талаптары четке кагылат. Ошону менен салык кызматкерлери тараптан "калкалоо" түрүндөгү коррупциялык укук бузуу пайда болуусу үчүн коррупциялык факторлор түзүлөт.

Ушуга байланыштуу салык кызматынын кызмат адамдарына мыйзам бузган же/жана каттоосуз иштеп жаткан факты белгилүү болсо ишкер субъекттердин экономикалык иши менен байланышкан мүлк объекттерин жана башка предметтерин мөөр басып бекитүү укугун берүү каралууда.

Киргизилип жаткан долбоор менен рейддик салык контролунун максатын так регламенттөө сунуш кылынууда.

Ишкерлерге карата белгиленбеген административдик талаптарды колдонуу боюнча коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү кыскартууга көмөк көрсөтүүчү бирдиктүү салыкты башкарууну жөнөкөйлөтүү.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 358-беренесинин 2 бөлүмүнүн татаал баяндалышы жеңилдетилген салык салуу системасын колдонуучу салык төлөөчүлөр үчүн бюрократиялык ашыкча тоскоолдуктарды жаратууда. Ушуга байланыштуу долбоор менен салык салуунун жеңилдетилген системасын колдонуу жана мындай салык төлөөчүлөрдүн чакан ишкер субъекттерине кире тургандыгы жөнүндө жыл сайын ырастоону алып салууну регламенттөөчү өзгөртүү киргизилүүдө.

Коррупциялык тобокелдик көбүнчө салык төлөөчү менен салык инспекторунун бири бири менен байланышынан пайда болот. Бирок толук түрдө бул байланышты текшерүүнүн жүрүшүндө же көчмө текшерүүдө жокко чыгарууга мүмкүн эмес. Көчмө текшерүүдө коррупциялык мүмкүнчүлүктү жоюу максатында, түп тамырынан бери жоюунун 2-этабында Көчмө жыйындарды өткөрүү тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү каралган. Ал үчүн башында Кыргыз Республикасынын Салык кодексине Өкмөттүн көчмө текшерүүлөрдү өткөрүү тартибин белгилөө боюнча ыйгарым укуктары жөнүндө шилтеме ченем киргизилет.

Салыктык контрактты эсептөөдө бизнес-ассоциациялардын катышуусун камсыз кылуу, салык контрагынын алгачкы баасын эсептөөдө коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү төмөндөтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу