Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы түзүлгөн контракттардын суммасы 200 млн.долларды түздү

Новости
08-Октябрь 2017-ж.
2072

"Кыргызстан -Өзбекстан" Бизнес форумунун алкагында 2017-жылдын 6-октябрында Ташкентте жалпы суммасы 200 млн.АКШ долларынан ашык суммага продукция сатууга контракт түзүлдү.

Тагыраагы биргелешип автобустарды топтоо, айыл чарба техникаларын өндүрүү, кир жуучу машиналарды топтоо, дилердик борборлорду уюштуруу, кабелдик продукцияны жеткирүү, Ош шаарында соодо-оюн-зоок борборлорун куруу жана Кыргыз Республикасынын аймагында "Артель" техникалык мектебинин филиалын куруу боюнча макулдашууларга кол коюлду.

Ошондой эле автомобиль куруучу фирмалардын, эки өлкөнүн зергерлеринин ортосунда кызматташуу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду, шина, суу, бал, өсүмдүк майы, курулуш материалы боло турган таштар жана травертинди жеткирүү жөнүндө келишимдерге жетишилди.

Бизнес-форумда министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, соода, инвестициялык жана өнөр-жай компанияларынын жетекчилери катышты. Бардыгы болуп форумда эки өлкөнүн 500дөн ашык бизнесмендери катышты.

Форумда көңүлдүн борборунда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү маселелери, керектөөлөрдү иликтеп билүү, жана кыргыз жана өзбек рынокторун маркетингдик изилдөө болду. Өз ара пайдалуу кызматташуу жана өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу