Калктын бакубат жашоосуна жана жакырчылыкка тарифтердин тийгизген таасирин баалоо боюнча өткөрүлгөн тренинг жөнүндө

Новости
08-Октябрь 2017-ж.
2033

2017-жылдын 9-11-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Дүйнөлүк банктын финансылык жана консультативдик колдоосу астында " Калктын бакубат жашоосуна жана жакырчылыкка тарифтердин тийгизген таасирин баалоо" темасында тренинг болуп өттү.

Бул тренинг социалдык коргоо маселелери боюнча консультант- Франциска Гассманн жана жакырчылык боюнча- Алине Мейсоннат тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чарада негизги бул маселени тескөөчү негизги министрликтер, ведомстволор: Экономика министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Улуттук банк, Финансы министрлиги, Социалдык фонд, монополияга каршы агенттик, ОЭКМА катышты.

Бул тренинг практикалык сабактардан турат, атап айтканда, Stata программалык камсыздоону колдонуу менен эл аралык методикага ылайык калктын аялуу катмарына тарифтердин тийгизген таасирин баалоо, ошондой эле керектүү эсептөөлөрдү жүргүзүү жана электр энергиясына болгон бааны жогорулатууда калкты социалдык жактан коргоо боюнча сунуштарды даярдоо.

Катышуучулар тарифтердин өлкөнүн бакубат жашоосуна тийгизген таасирин талдоо жүргүзүү көндүмдөрүн алат.

Тренингдин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасындагы тарифтердин таасирин баалоо методологиясы боюнча нускама даярдоо пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу