Ташкентте "Өзбекстан-Кыргызстан" биринчи Бизнес-форуму өттү

Новости
08-Октябрь 2017-ж.
2243

2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында биринчи "Кыргызстан-Өзбекстан" бизнес форуму болуп өттү. Анда кыргыз жана өзбек ишкерлери эки мамлекеттик бизнес структураларынын өкүлдөрү катышты.

Бизнес-форумда Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков сүйлөп эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү жогорулатуунун зарылчылыгы жөнүндө токтолуу менен эң башкы милдеттерди атап өттү.

Ал белгилегендей, Өзбекстан көп жылдар аралыгында Кыргызстандын соода өнөктөшү болуп келген. Бүгүнкү күндө да биз биргелешип ишке ашыра турган бир нече мүмкүнчүлүктөр турат. Тилекке каршы бул мүмкүнчүлүктөр колдонулбай келди.

"Биздин бүгүнкү негизги милдетибиз- колдо болгон мүмкүнчүлүктү жандандыруу менен аны жаңы бийиктикке чыгаруу, жана мындан аркы товар жүгүртүүнүн өсүүсүнө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жеткирүү, биргелешкен кооперацияны пайдалануу менен жаңы рынокторду өздөштүрүү. "Бири бирибизге атаандашуу жолу менен эмес, биргелешип жана биримдикте үчүнчү өлкөлөрдүн рыногунда атаандашуубуз керек" -деп билдирди экономика министри.

Иш-чара жаңы өнөктөштөрдү издөө жана жаңы мамилелерди курууга, достук диалогду бекемдөө максатында жүргүзүлдү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу