Мамлекеттик тилге арналган «Сармерден» кыз-жигит оюну өткөрүлдү

Новости
02-Октябрь 2017-ж.
2381

«Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына 28 жыл толгондугуна байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчиси-министр А.Осмоналиевдин 2017-жылдын 22-августундагы тапшырмасын аткарууда, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде 2017-жылдын 3-октябрында Мамлекеттик тилге арналган салтанаттуу кечени Гимнинен башталып, иш- чаранын ачылышын жарыялап, министр Артем Новиковго расмий болүктө сөз берилди.

Урматтуу кесиптештер,

Бүгүн биздин Министрликте мамлекеттик тил майрамын майрамдап жатабыз. Бул майрам баарыбызга бирдей майрам. Кыргыз мамлекетинде жашап, иштеп, кыргыз тилин билбейм деген туура эмес. Баарыңарды мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө чакырам. Мамлекеттик тилибиз кылым карыта түбөлүк жашасын!

Майрамыбыз кут болсун!, - деп, министр А. Новиков Мамлекеттик тилге арналган Сармерден” кыз-жигит оюнун ачылышын жарялады.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү дагы катышты.
"" "" ""

""

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу