ЕАЭБ мамлекеттерине айыл чарба өсүмдүк продукцияларын жеткирүү боюнча эскертме

Новости
10-Сентябрь 2017-ж.
2529
Акыркы мезгилде ата мекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында Кыргызстандан чыккан айыл чарба өсүмдүк продукциялары ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин текшерүүчү жана контролдоочу органдары тарабынан зарыл болгон коштоочу документтеринин, тиешелүү маркалоосунун, таңгактоонун жана продукциянын талапка жооп бербеген себептери боюнча кайра артка кайтарылып жаткан фактылар белгиленген. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги кайра иштетилбеген айыл чарба өсүмдүк продукцияларын жеткирүүдө ЕАЭБдин ченемдерине шайкеш келүү үчүн карата коюла турган талаптардын тизмесин, жана зарыл болгон документтерди алуу кайрыла турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесин келтирет.

Айыл чарба өсүмдүк продукцияларын жеткирүүчүлөр төмөнкүдөй талаптарды сактоого тийиш:
- продукциянын ар бир партиясына (транспорт каражатынын бирдигине) фитосанитардык сертификаттын болушу ;
- 2016-жылдын 15-ноябрындагы №154 ЕЭКтин Коллегиясынын чечими менен бекитилген бирдиктүү форма боюнча ЕАЭБдин техникалык регламенттерине продукциянын шайкеш келүүсү жөнүндө катталган декларациянын болуусу;
- жеткириле турган продукцияны ЕАЭбдин техникалык регламенттерине шайкеш таңгактоо жана маркалоо;
- продукциянын партиясына даярдоочуну жана кийинки ээлерин, ошондой эле турган (өндүрүлгөн, даярдалган) жерин аныктоого мүмкүндүк бере турган жана байкоодо болуусун камсыз кыла турган товар коштоочу документ;

Ошондой эле эгерде айыл чарба продукциясы тиешелүү керектөөчү таңгактоосуз, тамак аш продукциясын өндүрүү үчүн чийки зат катары жеткирилип жаткан болсо, жеткирүүчүлөрдө тиешелүү өсүмдүктү өстүрүүдө пестициддердин колдонулуусу жөнүндө, өндүргөн жайлардын бул чийки затты сактоочу идиштерди зыянкечтерден жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ооруларынан сактоо максатында фумигациялоо жөнүндө маалымат болууга тийиш.

Фитосанитардык сертификат

ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык фитосанитардык жогорку тобокелдикке кирген (карантинге алынган жүктөр, карантинге алына турган материалдар, карантинге алына турган товарлар) карантинге алына турган продукциялардын тобуна кирүүчү карантиндик продукциялардын тизмесине ылайык айыл чарба өсүмдүк продукциясынын ар бир партиясы бир мүчө мамлекеттин аймагынан башка мүчө мамлекеттин аймагына фитосанитардык сертификаттын коштоосунда ташылат. Жогорку фитосанитардык тобокелдикке кирүүчү карантинге алына турган (карантинге алынган жүктөр, карантинге алына турган материалдар, карантинге алына турган товарлар) продукциянын тизмеси 1-тиркемеде келтирилген.

Маалымат үчүн:

Фитосанитардык сертификат – карантиндеги продукцияларды коштоп жүрүүчү, Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча эл аралык конвенция тарабынан 1951-жылдын 6-декабрында белгиленген форма боюнча ыйгарым укуктуу орган берүүчү жана карантиндеги продукция фитосанитардык талаптарга шайкеш экендигин күбөлөндүрүүчү эл аралык үлгүдөгү документ.

Кыргыз Республикасында фитосанитардык сертификациялоону Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан ишке ашырылат. Фитосанитардык сертификат алуу үчүн Өсүмдүктөр карантини департаментинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылуу керек. Кыргыз Республикасында фитосанитардык сертификатты алуу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №376 токтому менен бекитилген, Фитосанитардык, реэкспорттук фитосанитардык жана карантиндик сертификаттарды берүү тартиби жөнүндө жободо аныкталган.

Айыл чарба продукцияларынын шайкештиги жөнүндө декларация

Айыл чарба продукцияларын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жеткирүү үчүн ишкерлер ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларация толтурушат. ЕАЭБ техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларация даярдоочу (ыйгарым укуктуу даярдоочу жак, сатуучу) тарабынан ЕЭК Коллегиясынын 2016-жылдын 15-ноябрындагы №154 Чечими менен бекитилген бирдиктүү форма боюнча колдонулат. Бул декларация Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактык бөлүмдөрүндө же ЕАЭБдин сертификациялоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын Бирдиктүү реестрине киргизилген, сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдарында (акысыз) милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

Зарыл болгон сыноолорду жүргүзүү ЕАЭБдин сертификациялоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын Бирдиктүү реестрине киргизилген, аккредиттелген лабораторияларда гана мүмкүн болот. Кыргыз Республикасы үчүн аккредиттелген сыноо лабораториялардын жана сертификациялоо органдарынын реестрин Евразия экономикалык комиссиясынын сайтынан кароого болот.

Айыл чарба продукцияларын таңгактоо жана маркалоо

Жеткирилүүдөгү айыл чарба продукциялары Тамак-аш продукцияларын маркалоо бөлүгүндө” (БС ТР 022/2011), Таңгактын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 005/2011) техникалык регламенттерине ылайык таңгакталууга жана маркаланууга тийиш. Өсүмдүк продукцияларын таңгаксыз жана маркасын жеткирүүгө жол берилбейт.

Байкоого алууну камсыздоочу товарды коштоочу документтер
ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерине өсүүчү айыл чарба продукциясын жеткирүү үчүн шайкештикти баалоо декларациясынан, фитосанитардык сертификаттан тышкары «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» Бажы бирлигинин техникалык регламентинин 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ушул продукцияны байкоого алууну камсыз кылуучу товар коштоочу документтердин бар болушу зарыл. Техникалык регламент товарды коштоочу документтердин так тизмесин камтыбайт. Бул салыштырууда жеткирүүлөрдүн хронологиясын эсепке алуу менен продукциянын менчик ээсин жана анын келип чыккан (өндүрүлгөн, даярдалган) жерин ишенимдүү так аныктоого мүмкүн болгон продукциянын жүк жөнөтүүчү жана жүктү кабыл алуучу жөнүндө маалыматын камтыган транспорттук накладнойлор болушу мүмкүн.
Пестициддерди жана фумигацияларды колдонуу жөнүндө маалымат
Эгерде жеткирилген өсүүчү айыл чарба продукциясын тамак-аш продукциясын өндүрүү үчүн сырьё катары пайдаланыла турган болсо (керектөөчү таңгак жок), жеткирүүчүлөр тиешелүү өсүмдүктөрдү өстүрүүдө бул сырьёну сактоо үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден коргоо үчүн пестициддерди колдонгондугу, өндүрүштүк жайларды жана бош идиштерди фумигациялоосу жөнүндө документин көрсөтүшү керек (МСФМ №15).
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, эгерде өсүүчү айыл чарба продукциясы ушул талаптарга шайкеш келбей турган болсо же документ толук эмес болсо продукциянын партиясы жеткирүүчүлөргө кайтарылаарын же ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан алынып салынаарын, ал эми жеткирүүчү жактарга администрациялык таасир берүүчү чара көрүлөөрүн эскертет.

1-тиркеме
Бажы бирлигинин бажы аймагында жана Бажы бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролго (көзөмөлгө) алынуучу, жогорку фитосанитардык тобокелдиги менен карантиндик продукциялардын (карантиндик жүктөр, карантиндик материалдар, карантиндик товарлар) тизмеси (Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы №318 чечими менен бекитилген)
Аталышы БС ТН ТЭИнин коду*
Илимий-изилдөө максатындагы кенелер, нематоддор жана тирүү курт-кумурскалар 0106 90 001 0 ичинен
Тамырдын тоголок башы, тоголок тамырлар, вегетация, вегетативдүү тынч абалдагы же гүлдөгөн тамырлар, анын ичинде жайылган тамырлар; өсүмдүктөр жана цикорийдин тамырлары,1212 товардык позициясындагы тамырлардан башка 0601
Башка өскөн өсүмдүктөр (анын ичинде анын тамырлары), калемчелер жана бутакчалар 0602 (0602 90 100 0 башка)
Гүлдестелерди жасоо үчүн же декорациялык максаттар үчүн жарактуу жаңы үзүлгөн гүлдөр жана бутондор, жаңы үзүлгөн гүлдөр 0603 11 000 0 - 0603 19 800 0
Гүлдестелерди жасоо үчүн же декорациялык максаттар үчүн жарактуу жаңы үзүлгөн гүлдөр жана бутондор, кургатылган 0603 90 000 0 ичинен
Рождество бак-дарактары 0604 91 200 0
Ийне жалбырактуу дарактардын бутактары 0604 91 400 0
Гүлдөрсүз же бутондорсуз жалбырактар, бутактар жана өсүмдүктөрдүн башка бөлүктөрү, гүлдестелерди жасоо үчүн же декоративдүү максаттар үчүн жарактуу жаңы үзүлгөн, кургатылган, иштетилбеген 0604 91 900 0 ичинен
0604 99 100 0 ичинен
Жаңы же муздатылган картөшкө 0701
Жаңы же муздатылган томаттар 0702 00 000
Пияз, шалот пиязы, чеснок, пияз-порей жана башка тоголок баштуу жашылчалар, жаңы же муздатылган 0703
Тоголок капуста, түстүү капуста, кольраби, жалбырактуу капуста жана Brassica түркүмүндөгү ушул сыяктуу жегиликтүү жашылчалар, жаңы же муздатылган 0704
Салат-латук (Lactuca sativa) жана цикорий (Cichorium spp.), жаңы жана муздатылган 0705
Сабиз, шалгам, ашкана кызылчасы, козлобородник, тамырлуу сельдерей, чамгыр жана ошол сыяктуу тамыры жегиликтүү жемиш, жаңы же муздатылган 0706
Бадыраңдар жана корнишон, жаңы жана муздатылган 0707 00
Буурчак жашылчалары, тазаланган же тазаланбаган, жаңы жана муздатылган 0708
Башка жашылчалар, жаңы жана муздатылган 0709
Себүү үчүн гибриддүү кант жүгөрүсү (Zea mays var. saccaharata) 0712 90 110 0
Буурчак жашылчалары, кургатылган, тазаланган, кабыгы аарчылган же аарчылбаган, майдаланган же майдаланбаган 0713
Маниок, маранта, салеп, жер алмуруту же топинамбур, таттуу картөшкө же батат жана крахмалы же инулини жогору ошол сыяктуу тамыр жемиши же баштуу жемиштер, жаңы, муздатылган же кургатылган, бүтүн же кесинди; сага пальмасынын өзөгү 0714 ичинен
Кокос жаңгагы, бразилиялык жаңгак жана кешью жаңгагы, жаңы же кургатылган, кабыгынан тазаланган же тазаланбаган, кабыктуу же кабыксыз 0801
Жаңы же кургатылган, кабыгынан тазаланган же тазаланбаган, кабыктуу же кабыксыз башка жаңгактар 0802
Банандар, анын ичинде плантайндар, жаңы же кургатылган 0803 00
Курмалар, инжир, ананас, авокадо, гуайява, манго жана мангостан же гарциния, жаңы же кургатылган 0804
Цитрус жемиштери, жаңы же кургатылган 0805
Жүзүм, жаңы же кургатылган 0806
Коондор (анын ичинде дарбыз) жана папайя, жаңы 0807
Алмалар, алмуруттар жана айвалар, жаңы 0808
Абрикостор, чие жана гилас, шабдалы (анын ичинде нектариндер), кара өрүк жана терн, жаңы 0809
Башка жемиштер, жаңы 0810
0801-0806 товардык позициядагы жемиштерден тышкары кургатылган жемиштер; ушул топтогу жаңгактын аралашмасы же кургатылган жемиштер 0813
Куурулбаган кофе, кофеиндүү же кофеинсиз 0901 11 000 ичинен,
0901 12 000 ичинен
Буудай жана меслин 1001
Кара буудай 1002 00 000 0
Арпа 1003 00
Сулуу 1004 00 000 0
Жүгөрү 1005
Күрүч 1006
Сорго даны 1007 00
Гречка, таруу жана канарейка жеми; башка дан өсүмдүктөр 1008
Буудай же кара буудай уну 1101 00
Буудай же кара буудайдан тышкары башка дан өсүмдүктөрүнөн алынган ун 1102
Акталган дан, кесек майдаланган ун жана дан өсүмдүктөрүнүн гранулдары 1103
Башка ыкмалар менен иштетилген (мисалы, акталган, жанчылган, хлопья түрүндө иштетилген, сечка түрүндө майдаланган же бөлүнгөн) жемиш дандары, 1006 товардык позициясындагы күрүчтөн бөлөк,; жанчылган өнгөн жемиш даны, хлопья түрүндө же майдаланган бүтүн 1104
0713 товардык позициядагы майда жана кесек тартылган ун жана кургатылган буурчак жашылчаларынын порошогу 1106 10 000 0
Угут, куурулган же куурулбаган 1107
Дан буурчактары, майдаланган жана майдаланбаган 1201 00
Жер жаңгагы, куурулбаган же кандайдыр бир башка ыкма менен даярдалган, тазаланган же тазаланбаган, майдаланган же майдаланбаган 1202
Копра 1203 00 000 0
Кендир үрөнү, майдаланган же майдаланбаган 1204 00
Рапстын же кользанын үрөнү, майдаланган же майдаланбаган 1205
Күн караманын үрөнү, майдаланган же майдаланбаган 1206 00
Башка май өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү жана жемиштери, майдаланган же майдаланбаган 1207
Үрөндөн же май өсүмдүктөрүнүн майда жана кесек тартылган үрөндөрүнүн же жемиштеринин уну, горчицанын үрөнүнөн башка 1208
Себүү үчүн үрөн, жемиштер жана споралар 1209
Негизинен парфюмерияда, фармацияда же инсектициддү, фунгациддүү же ошол сыяктуу максаттарда пайдаланылуучу өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү (анын ичинде үрөндөр жана жемиштер) , жаңы же кургатылган, бүтүн же талкаланган же майдаланган 1211 (1211 30 000 0, 1211 40 000 0 башка)
Кант кызылчасы 1212 91
Рожок дарагынын жемиштери, анын ичинде үрөндөрү 1212 99 300 0,
1212 99 490 0
Абрикостордун, шабдаалылардын данектери (анын ичинде нектариндер) же кара өрүктөр же анын данектери; Cichorium intybus sativum цикорийдин тамырлары 1212 99 700 0,
ичинен
Саман жана дан өсүмдүктөрүнүн шакелдери, иштетилбеген, майдаланган же майдаланбаган, жанчылган же жанчылбаган, пресстелген, гранулдангандан башка 1213 00 000 0 ичинен
Брюква, жалбырактуу кызылча (мангольд), тоют тамырлуу жемиштер, чөп, беде, клевер, эспарцет, тоют капустасы, люпин, вика жана гранулданбаган ушул сыяктуу тоют продуктулары 1214 ичинен
Какао-буурчактары, бүтүн же талкаланган, чийки же куурулган 1801 00 000 0
Какаонун кабыкчалары, кабыгы, териси жана башка калдыктары 1802 00 000 0
Дан өсүмдүктөрүн же буурчак өсүмдүктөрүн тегирменге тартуунун же башка ыкма менен кайра иштетүүнүн улпактары жана электен калган башка калдыктары, гранулданбаган 2302 ичинен
Жмыхтар жана соя майынан алынган жанчылбаган же жанчылган, башка катуу калдыктары, гранулданбаган 2304 00 000 ичинен
Жмыхтар жана жер жаңгагынын майынан алынган жанчылбаган же жанчылган, башка катуу калдыктары, гранулданбаган 2305 00 000 0 ичинен
Өсүмдүк тоң майларынан жана майларынан алынуучу жмыхтар жана башка катуу калдыктар, 2304 же 2305 товардык позициялардын калдыктардан бөлөк, жанчылбаган же жанчылган, гранулданбаган 2306 ичинен
Топурактар жана грунттар 2530 90 980 0 ичинен
Чым (анын ичинде майдаланган чым), агломерирленген же агломерирленбеген 2703 00 000 0
Илимий-изилдөө максаттары үчүн гана пайдалануучу тирүү фитопатогендик бактериялар, вирустар 3002 90 500 0 ичинен,
3002 90 900 0 ичинен
Аралаш же аралашпаган, химиялык жактан иштетилген же иштетилбеген жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган жер семирткичтер; өсүмдүктөрдөн же жаныбарлардан алынуучу продуктуларды аралаштыруу же химиялык иштетүүдөн алынган жер семирткичтер 3101 00 000 0
Таарындылар, жарындылар, бутактар, чырпыктар же ошол сыяктуу отун жыгачтары
Ийне жалбырактуу дарактардын чамындылары жана кырындылары
Жалбырактуу дарактардын чамындылары жана кырындылары
Опилкалар жана жыгач калдыктары жана агломерирленбеген скрап
4401 10 000

4401 21 000 0
4401 22 000 0
4401 30 ичинен
Иштетилбеген, кабыгы бөлүнгөн же бөлүнбөгөн же одоно кырдалган же кырдалбаган жыгач материалдары 4403 ичинен (4403 10 000 башка)
Бондардык жыгач; жарылган таарындылар; жыгачтан жасалган свайлар, казыктар жана учталган. бирок тилинбеген мамылар; чала аарчылган, бирок учталбаган ийилбеген же башка ыкма менен иштетилбеген, тростторду, зонтторду, аспаптардын баштары үчүн же ошол сыяктуу буюмдар учүн пайдаланылуучу жыгач материалдары; аарчылган жана ошол сыяктуу жыгачтар 4404
Жыгач кабыгы 1404 90 000 0 ичинен
4401 30 900 0 ичинен
Темир жол жана трамвай жолдору үчүн, чыланбаган жыгач шпалдар 4406 10 000 0
Тилинген же туурасынан жарылган, катмарларга бөлүнгөн же тазаланган, сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жылмаланган же жылмаланбаган, жоондугу 6 мм ашык туурасынан бекитилген жана бекитилбеген жыгач материалдар 4407
Сүрүлгөн же сүрүлбөгөн, жылмаланган же жылмаланбаган, сырлар, дарылар, антисептиктер жана башка консерванттар менен иштетилгендерден башка туурасынан бириктирилген же бириктирилбеген ар кандай кесиндилерден же тактайчалардан жасалган профилденген погонаж түрүндөгү (кырлары, оюктары бар, чеке жактары шпунтталган, жарым тегерек калевка фасондуу, иймектүү же ошол сыяктуу) тилинген материалдар (анын ичинде полду паркеттеп жабуу үчүн жыйналбаган планкалар жана фриздер) 4409 ичинен
Жыгачтан жасалган ящиктер, коробкалар, тангактоочу клеткалар же корзиналар, барабандар жана ошол сыяктуу жыгач таралары, жыгач кабель барабандары, паллеттер, поддондор жана башка жүктөөчү калканычтар, жыгач обечайкалар, алар өз алдынча товар болуп саналат же өзүнчө декларацияланат 4415 ичинен
Сырлар, дарылар, антисептик жана башка консерванттар менен иштетилгендерден башка бетондоо үчүн опалубкалар 4418 40 000 0 ичинен
Зоология, ботаника боюнча коллекциялар жана коллекция предметтери 9705 00 000 0 ичинен


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу