Министр А. Кожошев КР мамлекеттик кызматкерлеринин күнү менен куттуктайт

Новости
22-Июнь 2017-ж.
2052

""

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди келе жаткан кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ынтымагыбызды бекемдетип, биримдигибизди чыңдап, бирдиктүү максатка - социалдык-экономикалык прогрессти жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоого жетишүү үчүн алдыга кадам жасоодо.

Мындай жагдайда мамлекеттик кызматкерлерге чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Ар бир мамлекеттик кызматкер болгон дитин коюп, ниетин таза кармап, өлкөбүздү өнүктүрүүгө өз салымын кошушу керек. Мамлекетибизди башкалар келип өнүктүрбөйт, өзүбүз гана бекемдеп, өзүбүз гана гүлдөтө алабыз.

Биздин мамлекеттик кызматкерлер мамлекетибизди чындоого, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, демократияны тереңдетүүгө, мыйзамдуулукту камсыз кылууга, элибиздин жашоосун жакшыртууга бардык күч-аракетин, билимин жана жөндөмүн жумшайт деп ишенем.

Анткени Улуттук стратегияны, өлкөдөгү ири долбоорлорду, программаларды ийгиликтүү ишке ашыруу, мамлекеттин, жалпы коомдун туруктуу өнүгүшү көбүнесе сиздерге байланыштуу.

Келе жаткан майрамыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге ден-соолук, жаңы бийиктиктер, ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайм.



Министр А. Кожошев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу