РТВ уюштурган тамак-аш лабораторияларынын жана аккредитация боюнча эксперттердин адистерин ИСО/МЭК стандарты жана калибрлөө боюнча окутуу жөнүндө

Новости
04-Июнь 2017-ж.
2178

2017-жылдын 30-майынан 1-июнуна чейин Германиянын Физика-техникалык институтунун (РТВ) Борбордук Азия өлкөлөрүндө сапат инфраструктурасын бекемдөө” регионалдык долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Кыргыз аккредитация борборунда тамак аш лабораториялары жана аккредитация боюнча эксперттердин адистери үчүн ИСО/МЭК 17025 калибрлөө жана стандарт боюнча РТВ эксперти Ирен Флоудду тартуу менен семинар болуп өттү.

Бул семинарда Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын ала дарылоо департаментинин, Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун химия-технологиялык бөлүмүнүн, Бишкек сыноо борборунун, Кыргыз аккредитация борборунун ошондой эле Казакстан менен Тажикстандын тамак-аш лабораториясынын өкүлдөрү катышты.

Семинар химияны өлчөөдөгү аныкталбаган курамды эсептөө, өлчөө каражаттарын ички калибрлөө жүргүзүү, өлчөө каражаттарынын калибрлөөнүн ортосундагы интервалдарга багытталган.

Семинар аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиология департаментинин химия-аналитикалык изилдөөлөр лабораториясынын базасында практикалык иш жүргүзүлдү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жогоруда аталган тематикада билим жана тажрыйба алмашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу