Министр А.Кожошев IFC өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын МЖӨ өнүктүрүү механизмдерин өнүктүрүү перспективалары

Новости
04-Июнь 2017-ж.
2166

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев регионалдык менеджер Моаззам А. Мекан башында турган Эл аралык Финансы корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Бул жолугушууда Кыргыз Республикасындагы МЖӨ долбоорлору ишке ашыруучу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү механизмдерин өнүктүрүү механизминин перспективалары, менчиктештирүү процесстерин ишке ашырууда консультациялык жардамдар талкууланды.

Моаззам Эл аралык Финансы корпорациясы Кыргыз Республикасында МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барып жаткандыгын белгиледи. Саламаттык сактоо министрлиги менен Бишкек шаарындагы дарылоо-оорулардын алдын алуу мекемелеринде борборлоштурулган лабораторияларды уюштуруу” долбоору боюнча жана Бишкек шаарында саламаттык сактоо мекемелеринде гемодиализ бөлүмдөрүн уюштуруу” боюнча долбоорлор Кыргызстандагы гана эмес Борбордук Азиядагы алдыңкылардан болуп эсептелет.

Мындан тышкары, Эл аралык Финансылык компания Кыргыз Республикасында пландаштырылган реформаларды талдоого алат жана Кыргыз Республикасынын өнүгүү стратегиясына көмөк көрсөтөт.

Экономика министри А.Кожошев Эл аралык Финансы корпорациясына МЖӨ долбоорлорун илгерилетүүдөгү Кыргыз Республикасына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда жана илгерилетүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу