Кыргыз Республикасынын Экономика министри 2017-жылдын 1-2-июнунда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана Менеджмент факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Министр өзүнүн балалыгы, жаштыгы, жашоодо

Новости
01-Июнь 2017-ж.
1903
Ош облусуна болгон жумушчу сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошев Ош зоналык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун абалы менен таанышты.

Министр Россия Федерациясынын жардамынын алкагында Борбордун материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 55,09 млн. рубль суммасына алынган заманбап жабдууларды орнотулуусу менен таанышты.

Бул борбор Россиядан тест-топтомдорунун толук спектрин алгандан кийин аягына чыгуучу аккредитация жол-жобосун ишке ашырат. Ошону менен бирге ОЗВДжЭБнын эксперттери зарыл изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Борборго келүү максаты Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына өлкө инфраструктурасын адаптациялоодогу жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышуу, ошондой Кыргыз Республикасынын ветеринардык системасынын эквиваленттүүлүгүн таануу болуп эсептелет.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу