Министр А.Кожошев ОшМУнун студенттери менен жолугушууда студенттерди амбициялуу болууга үндөдү

Новости
01-Июнь 2017-ж.
2002

Кыргыз Республикасынын Экономика министри 2017-жылдын 1-2-июнунда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана Менеджмент факультетинин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Министр өзүнүн балалыгы, жаштыгы, жашоодо болгон кыйынчылыктары менен аны жеңүүнүн жолдору, карьералык баскычтары жөнүндө: окуу, студенттик жана спорттук жашоосу, жөнөкөй адистен тарта финансы министринин орун басары жана өлкөнүн экономика министри болгонго чейинки баскан жолу жөнүндө кеңири токтолду.

18 жаштан 25 жашка чейинки мезгил карьераны түптөөгө эң ыңгайлуу мезгил, ал эми-максатка карай тынымсыз умтулуу-бул атаандаштыкка туруктуу кызматкердин эң негизги сапаты. Министр студенттерге өз алдына бийик максат, жогорку амбиция коюуну ошол эле мезгилде эч нерседен тартынбай алдыга карай умтулуу зарыл экендигин түшүндүрдү, анткени жөнөкөй карапайым үй-бүлөдө чоңоюп ушундай эле ОшМУнун студенти болуу менен Кыргызстандын экономика министри болуу тынымсыз эмгектин жана аракеттин натыйжасы экендигин түшүндүрдү.

Жолугушуунун катышуучулары республиканын социалдык-экономикалык маселелерине болгон кызыгууларын билдире алды. Арзыбек Кожошев өлкө экономикасынын өнүгүүсү жана азыркы абалы, глобалдуу дүйнөдөгү интеграциялануу процесстери кыргыз экономикасынын ЕАЭБге адаптациялануусу, көмүскө экономика, тышкы карыз, Кыргыз-Россия инвестициялык фонду, айыл чарба тармагын кредиттөөнү субсидиялоону улантуу, ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын ДСУдагы мүчөлүгүн жана ВСП+ схемасынын колдонуучусу преференциялык статусун активдүү колдонуу, 2017-2020-жылдардагы өлкөнүн аймактык саясатынын концепциясы, Кыргызстандын 2040-жылга чейинки өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын негизги компоненттери катары Таза Коом” программасы жөнүндө кеңири маек курду;

Сөзүнүн аягында министр А. Кожошев ректоратка, окутуучуларга жолугушуу уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирүү менен ушундай эле жолугушуу башка ЖОЖдун да студенттери менен улантыла тургандыгын белгилей кетти. Жалпысынан Министрлик бүгүнкү күндө өлкөнүн алдыңкы окуу жайлары менен жана башка билим берүү мекемелери менен министрликтин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ушул окуу жайлардын студенттерин практикага жана стажировкага кабыл алуу боюнча ачык жана өз ара кызматташуу саясатын жүргүзүүдө.

Ошондой эле ОшМУну мындан ары да биргелешкен изилдөөлөргө аналитика жүргүзүү аркылуу активдүү катышууга чакырды. Студенттерге эмгекти сүйүү менен алдыга койгон максаттарга жетүүгө тынымсыз аракет жасоо менен өз өлкөсүнүн өнүгүүсүнө зор салым кошууга чакырды. Окутуучулар менен студенттерге өз китептерин белекке берди.

Өз кезегинде ректор К.Исаков студенттер менен маанилүү маек кургандыгы үчүн А.Кожошевге ыраазычылык билдирүү менен эстелик белек тапшырды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу