Тамак-аштардын жана суусундуктардын эл аралык көргөзмөсү ушул жылдын сентябрында Индиянын Мумбай шаарында болот

Новости
09-Май 2017-ж.
2034

Тамак-аш продуктуларынын жана суусундуктардын эл аралык көргөзмөсү 2017-жылдын 14-16-сентябрында Индиянын Мумбай шаарында болот.

Бул көргөзмө 2004-жылдын баштап жыл сайын өтүп келет. Көргөзмө экспозициясы Bombay Exhibition Centre (NSE) эл аралык көргөзмө комплексинин аймагында 5 миң кв.метр аянтта жайгаштырылат.

WorldoffoodIndia – бул, дүң келишимдерди түзүүгө багытталган В2Вформатындагы көргөзмө.

Жыл сайын ага 6 миң профессионал катышуучу келет. Алардын арасында соода түйүндөрүнүн жана кетеринг компанияларынын өкүлдөрү да бар, алар: RelianceRetail, AdityaBirlaRetail, HindustanUnilever, Lavazza, IndigoAirlines, HyperCityRetail, FutureGroup, Taj Groupof Hotels, Maricoи, ошондой эле ири дүң импортерлор: KiaraWines, ManishaInternational, MRKFoods, RRTrading, SureshKumar& Co., TreeofLifeи.

2016-жылы 130-экспоненттен 38% (50) дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген компаниялар болду.

Бул жылы көргөзмө International Food service India көргөзмөсү менен бир мезгилде болду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу