Экономика министрлиги Жеңиш күнүнө карата карыларга материалдык жардам көрсөттү

Новости
03-Май 2017-ж.
1908
Бүгүн 2017-жылдын 4-майында экономика министри Арзыбек Кожошев жана профсоюз уюмунун төрайымы жана контролдоо жана иш кагаздарын жүгүртүү бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикалык майыптар коомунда болушуп он миң өлчөмүндө жардам көрсөтүштү. Ошондой эле коллективдин атынан жана жеке өзүнүн атынан улгайган адамдарга ден-соолук, бакыт жана бакубаттуулук каалады.

Өз кезегинде Республикалык майыптар коомунун администрациясы Экономика министрлигине ыраазычылык катын жолдоду, ошону менен бирге коллективге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу