Министр А.Кожошев Катардын элчиси менен эки тараптуу кызматташууну активдештирүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө талкуулады

Новости
03-Май 2017-ж.
1995

2017-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын экономика министри А.Кожошев менен Катардын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохамед бин Арар Умейр Аль-Рамзани Аль-Наиминин жолугушуусу болуп өттү.

Министр А.Кожошев Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Катар менен соода, инвестиция, ишкердик, айыл чарба тармактарында өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдирди.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы статусун, аларды кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле 2017-жылы мартта түзүлгөн кыргыз-катар өкмөт аралык комиссиянын 1-жыйынынын Протоколуна киргизилген милдеттерди ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүү маселелери каралды.

Акыркы мезгилде ийгиликтүү ишке ашырылган милдеттердин бири бул региондун мамлекеттеринин ортосунда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан Перс булуңунун мамлекеттеринин ортосунда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан 2017-жылдагы соода-экономикалык миссияны өткөрүү болуп эсептелет.

Ата-мекендик бизнестин өкүлдөрү бал, эт, суу, мөмө-жемиш, кургатылган мөмөлөр, текстиль жана туризм сектору ири катар компаниялар курулуш, соода, туризм, жана консалтинг ошондой эле айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана жеңил өнөр-жай тармагындагы катар компаниялары менен менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн алды

Бул миссиянын жыйынтыгы боюнча бал, кургатылган жемиштер жана сууну Катар мамлекетине сатуу боюнча алдын ала макулдашуулар түзүлдү, ошондой эле эт продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүгү каралууда.

Ошону менен бирге жолугушуунун жүрүшүндө араб өлкөсүнүн жарандарына Аль-Джазира” телеканалы Кыргызстан-укмуштар өлкөсү” телеберүүлөр циклинде рекламалык акция өткөрүү зарылчылыгы талкууланды. Бул циклдин алкагында араб дүйнөсү Кыргыз Республикасынын маданияты, салт санаасы жана табияты менен тааныша алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Бул теманын уландысында Элчи мырза экономика министри А.Кожошевди 2017-жылдын 10-12-майында Бишкек шаарында болуп өтүүчү Катар Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрү” иш-чарасында катышууга чакырды.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары тарабынан миграция, транспорт жана халал индустриясын ишке киргизүү боюнча бир катар эки тараптуу макулдашууларга кол коюу боюнча маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн оң тенденцияларын белгилешти жана мындан ары жемиштүү кызматташуу боюнча талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу