“Туризм жана сервистик кызмат көрсөтүү” КРТК 33 стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттин түзүлүшү жөнүндө

Новости
03-Апрель 2017-ж.
2205

Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдар аралыгына туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясына ылайык туристтик тармак Кыргыз Республикасынын экономикасын жандандыруу багытындагы приоритеттүү тармак болуп эсептелет. Бирок туристтик тармакты мындан ары өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрдүн бири, бул тармактагы тейлөө сапатынын төмөн экендиги болуп саналат. Бул көрүнүш Кыргызстанга эл аралык жана регионалдык туризм рыногунда атаандаштыкка туруктуулукка жол бербейт.

Туризмди өнүктүрүүдө максатка жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору Туризм жана сервистик кызмат көрсөтүү” КРТК 33 стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттин түзүү жөнүндө маселе көтөрдү.

Стандартташтыруу жана метрология борбору Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти Техникалык комитетти түзүү жана бул жааттагы ченемдик укуктук базаны түзүү боюнча ишти активдештирүү боюнча туризм жана сервистик кызмат көрсөтүү тармагынын өкүлдөрү менен бир нече жолугушуу өткөрүп

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Туризм департаменти, СМБ жана Кыргыз Республикасынын туристтик жана сервистик кызматтарын стандартташтыруу жана сертификаттоо жаатындагы Экономикалык палата” Ассоциацияларынын ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду, ошондой эле туризм жаатындагы ченемдик укуктук базаны түзүү , мамлекет аралык жана эл аралык техникалык комитеттерде катышуу үчүн, стандарттарды иштеп чыгуу үчүн Туризм жана сервистик кызмат көрсөтүү” КРТК 33 стандартташтыруу боюнча техникалык комитетин түзүү жөнүндө биргелешкен буйрукка кол коюлду.

ТК Экономикалык палата” Ассоциациясынын алдында түзүлүп, анын курамына СМБ, Туризм департаменти жана чакан жана орто Ассоциациялардын 12 өкүлү кирди.

СМБ адистери кайра түзүлгөн ТКнын мүчөлөрү үчүн Кыргыз Республикасындагы улуттук стандартташтыруу системасы. Стандарттарды иштеп чыгуу” темасында окутуу жүргүздү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу