Өкмөт тарабынан 2018-2020-жылдарга карата региондорду өнүктүрүүнүн жаңы вектору аныкталды

Новости
18-Май 2017-ж.
2061
Ушул жылдын 31-мартында Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга карата регионалдык саясатынын концепциясы бекитилди.

Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга карата регионалдык саясатынын концепциясында региондорду региондун өнүгүү башаты катары тандалып алынуучу калктуу пункттарды өнүктүрүү аркылуу өнүктүрүү боюнча жаңыча мамиле тандалып алынды.

Бул Концепция калктуу пункттарды өнүктүрүүнүн деталдуу программаларын даярдоо үчүн базистик конструкцияны түзүү максатында бекитилген. Концепциянын негизги максаты болуп-калктын экономикалык активдүүлүгүн арттыруу үчүн өнүгүү башатында экономикалык борборлорду түзүү; региондорду адистештирүүнү өнүктүрүү жана ишке киргизүү, ошондой эле кластерлерди түзүү; региондордо сапаттуу мамлекеттик (социалдык жана сервистик) кызмат көрсөтүүлөр үчүн зарыл шарттарды түзүү; ар бир региондун өнүгүүсүнө өз алдынча мамиле кылуу болуп эсептелет.

Концепцияны ишке ашыруу үчүн алардын базасында өнүгүү борборлорун түзүү үчүн - 20 пилоттук шаар жана калктуу пункт тандалып алынды, аларга: Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен жана Кочкор-Ата кирет.

Тандалып алынган шаарлар үчүн этап менен бизнес-пландоонун принциптеринде өнүгүү программасы иштелип чыгат.

Алгачкы этапта 6-пилоттук шаар үчүн бизнести пландоо принциптеринде өнүгүү программасы иштелип чыгат. Бул топтогу пилоттук шаарларга Ош, Каракол, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Баткен кирди. Алардын ичинен учурда Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын өнүгүү программалары иштелип чыккан. Концептуалдык мамиленин болушу бизнеске, инвесторлорго белгилүү бир аймактагы инфраструктураны жана иш чөйрөсүн, түрдүү тармактагы өнүгүүгө тиешелүү багыт алууга жана түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Колдо болгон ресурстарды топтоо жана экономикалык активдүүлүктү
күчөтүү өсүүнүн катализатору болушу мүмкүн. Бул үчүн тандалып алынган шаарларда-өнүгүү башаттарында адамдын бакубат өмүр сүрүүсү үчүн бардык шарт түзүлүүгө тийиш, буларга -жашоого ыңгайлуу шарттар, жумушчу орундары, коомдук коопсуздук жана сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүүлөр.


Өнүгүү башаттарында милдеттүү түрдө калкты тейлөө жана бизнести тейлөө борборлору жайгаштырылат. Мындан тышкары өнүгүү башаттарында парктар, скверлер, тарыхый-маданий жайлар жана башка калктын жашоосуна зарыл болгон инфраструктура болот.


Калктын экономикалык активдүүлүгүн арттыруу үчүн бул шаарлар менен калктуу пункттарда жергиликтүү ишкерлерди колдоо жана өнүктүрүү фонддору түзүлөт. (бизнес-инкубаторлор жана стартап борборлор)

Мындан тышкары Жергиликтүү турак жай” программасынын алкагында социалдык турак жайларды жайгаштырууга негизги артыкчылык берилет. Тандалып алынган шаарлардын базасында өзгөчө көңүл Мамлекеттик инвестициялар жана капиталдык салымдар программасынын эсебинен каржылануучу жергиликтүү инфраструктураларга бурулат ( таза ичүүчү суу, жарыктандыруу, канализация, жолдор, интернет жана байланыш),


Сапаттуу билим берүү, медициналык жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн социалдык инфраструктураларды куруу жана квалификациялуу кадрларды тартуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлөт.

Бул Концепциянын алкагында Кыргыз Республикасынын министрликтерине, мамлекеттик комитеттерине, административдик ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тармактык жана аймактык программаларды/долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга карата регионалдык саясатынын концепциясынын багыттарын эске алуу тапшырмасы берилди

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтомуна ылайык Концепцияны ишке ашыруу боюнча аракеттердин планынын долбоорун түзүү процесси башталды, анын алкагында бардык кызыктар тараптардын сунуштарын кароо мүмкүнчүлүгү бар.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу