Кыргыз Республикасынын шаарларында муниципалдык инфраструктураны жакшыртуу тармагында Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорлору жөнүндө

Новости
17-Май 2017-ж.
2052
2017-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Арзыбек Кожошев менен Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын Борбордук Азия боюнча директору Нил Маккейн менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар Кыргызстан менен Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын 1993-жылдан баштап кызматташуу мезгилинен бери инвестициялардын катализатору катары биргелешип иштөөсүнүн оң тажрыйбаларын белгилеп өтүштү. Учурда банк 693 млн.евро суммасындагы 154 долбоорду ишке ашырды.

Жолугушууда республиканын шаарларында муниципалдык инфраструктураны жакшыртуу тармагындагы долбоорлор талкууга алынды. Тактап айтканда Бишкек жана Ош шаарларындагы шаар транспортун жакшыртуу, тирчилик калдыктарын башкарууну жакшыртуу, таза суу менен камсыз кылуу тармагындагы жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча долбоорлор талкууланды, учурда бул тармакта 25 долбоор ишке ашырылууда.

Ошондой эле Н.Маккейн уран өндүрүү объекттерин ошондой эле Кыргыз Республикасынын уран рудасын өндүрүүнүн кесепеттерин жоюу жаатындагы дараметин арттырууга, Борбордук Азиядагы экологиялык реабилитация боюнча операцияларды өткөрүү алкагында трансчекаралык кесепеттердин алдын алуу үчүн иш-чараларды уюштурууну кошо каржылоо жана каржылоого даяр экендигин билдирди.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Өнгүктүрүү жана Реконструкциялоо банкынын ортосундагы кызматташуунун мындан ары жемиштүү болуусуна үмүт артышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу