ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана үчүнчү өлкөдөн республикага импорттолуучу продукциянын коопсуздугу үчүн мамлекеттик көзөмөл тармагындагы көйгөйлөр жөнүндө

Новости
30-Март 2017-ж.
1857
Ушул жылдын 30-мартында Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында мамлекеттик көзөмөл органдары менен бизнес коомчулуктун катышуусунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Жумушчу жолугушуунун максаты ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана үчүнчү өлкөдөн республикага импорттолуучу продукциянын коопсуздугу үчүн мамлекеттик көзөмөл тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулоо, ички рынокту жасалма продукциядан коргоо болду.
Бул маселе бизнес тарабынан көтөрүлүп алар контрафакттык жол менен өндүрүлгөн товарлар ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларын рыноктон сүрүп чыгаруу коркунучу бар экендигине кабатыр болушууда.
Талкуунун жүрүшүндө төмөнкүдөй маселелер талкууланды:
-тиешелүү мамлекеттик органдардын көзөмөлдөөчү функцияларды аткарууга карата мамилелердин системалуулугу,
- Экономика министрлигине караштуу контролдоочу органдарды координациялоо;
- техникалык регламенттин талаптарына жооп бербеген кооптуу делген продукцияларды ата-мекендик рыноктон алып салуу учурлары жөнүндө маалымат берүү;
- ЕАЭБ мамлекеттеринен жана үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолуучу продукцияларды текшерүү жүргүзүүчү кадрларды даярдоо;
- ЕАЭБге интеграциялануу шартында эрежелерди регламенттөөчү ченемдик-укуктук документтер жана продукциялардын коопсуздугун көзөмөлдөөчү жол-жоболор;
Жолугушуунун жыйынтыгында жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.





Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу