ЕАЭБдин Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптары жана продукциянын шайкештигин баалоо жөнүндө

Новости
15-Май 2017-ж.
2040
Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги Султан Ахматов 16-майдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндөгү калкка жана бизнес коомчулукка 2017-жылдын 12-августунан тарта күчүнө кирүүчү ЕАЭБ ББнын 18 техникалык регламентин колдонуу тартиби боюнча маалымат берүү пресс-конференциясынын жүрүшүндө билдирди.


Ошондой эле С.Ахматов ЕАЭБ ББ нын техникалык регламенттеринин республиканын аймагында күчүнө кирүүсүнүн өтмө мезгили, талаптары жана продукциянын шайкештигин баалоо боюнча маалымат берди.


ЕАЭБ ББнын техникалык регламенттеринин толук кандуу күчүнө кирүүсү менен республикада продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бирдиктүү укуктук талаа түзүлөөрүнө жол ачат, техникалык тоскоолдуктар алынып бажы аймагын үчүнчү өлкөлөрдөн келүүчү коопсуз эмес жана жасалма продукциядан коргойт.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу