Министр А.Кожошев “Бир алкак, бир жол” эл аралык форумунун алкагында Пекин шаарында эки документке кол койду

Новости
14-Май 2017-ж.
2187
Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошев 2017-жылдын 14-15-майында Пекин шаарында өтүп жаткан Бир алкак, бир жол” эл аралык форумуна катышууда. Иш-чара Жибек жолунун экономикалык алкагы” жана XXI кылымдын деңиз жолдору” кытай долбоорлоруна арналган.

Кытай Эл Республикасынын борборунда өтүп жаткан форумдун ишинде мамлекет башчылары жана өкмөт башчылар, ири эл аралык уюмдардын жетекчилери, тактап айтканда, 28-мамлекеттин мамлекет башчылары катышып форумдун жалпы катышуучуларынын саны 1000ден ашат.
Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги эки документке кол койду:

-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигинин ортосунда орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө дем берүү боюнча кызматташуу программасы. Кызматташуу программасына кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын экономика министри А.Кожошев, кытай тараптан КЭРдин коммерция министри Чжун Шань кол коюшту.


-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен КЭРдин Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы өнөр жай потенциалы жана инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум. Меморандумга кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын экономика министри А.Кожошев, кытай тараптан Кытайдын Өнүктүрүү жана реформалар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Хэ Лифэн кол коюшту.


Кытай Эл Республикасы узак убакыттан бери Кыргызстан үчүн бирден бир соода жана инвестициялык өнөктөш катары кызматташып келет жана мындан ары кызматташа берет, 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы товар жүгүртүүдө биринчи орунду ээледи. 2015-жылы эки өлкөнүн ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 1,5 млрд. АКШ долларын түзүп 45,5 % жогорулаган, анын ичинде экспорт 80,1 млн. АКШ долларын түзсө (өсүш-2,2 эсеге), импорт-1468,4 млн. АКШ долларын түздү (өсүш-42,7%).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу