Коррупциянын алдын алуу боюнча Италиянын коррупцияга каршы органдарынын тажрыйбасы

Новости
22-Март 2017-ж.
2261
Коррупциянын алдын алуу боюнча эл аралык тажрыйбаны иликтөө үчүн 2017-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында мамлекеттик органдардын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча Ыйгарым укуктуунун катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык эксперт, Италиянын коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттигинин мурунку жетекчиси Лука Трифоненин Коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндө Италиянын коррупцияга каршы органдарынын тажрыйбасы” темасында лекция болуп өттү.
Лекциянын жүрүшүндө, эксперт Л.Триффоне коррупцияга каршы күрөшүүгө болгон жаңы мамилелери, улуттук коррупцияга каршы пландарды даярдоо, тобокелдиктерди талдоо жана баалоо, мамлекеттик сатып алуулар тутумунда коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча инновациялык мамилелер, комплеанс системасын түзүү жөнүндө презентация өткөрдү.
Италия коррупция менен күрөшүү боюнча узак мезгил күрөшкөн жана ушул күнгө чейин күрөшүп келет. Италияда түзүлгөн улуттук орган маалымат топтоо менен өз өлкөсүндө да чет жерде үлгү болуп келүүдө. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча агенттиктин башкы мүнөздөмөсү көз карандысыздык болуп эсептелет.

Натыйжага жетишүү жана профилактикалык мүнөздөгү чараларга жетишүү үчүн улуттук план кабыл алынат, ал 3 жылга кабыл алынат жана коррупцияны алдын алуу боюнча алдын алуу иштери менен байланышкан. Эксперттердин айтуусу боюнча ар бир мамлекеттик органда коррупциялык тобокелдиктерди жана бул тобокелдиктерди сактоого колдонула турган чаралар пайда болуучу чөйрөлөрдө тобокелдиктерди баалоо жана талдоо жүргүзүлөт.
Ошондой эле Л. Трифоне жарандар үчүн ачыктык жарандардын органдарга мониторинг жүргүзүүсү жана мамлекеттик башкаруудагы каражаттарды пайдалануу боюнча эң мыкты мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.
Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасында укуктун үстөмдүгү боюнча ПРООНдун колдоосу астында өттү.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу