Чүй облусунун Сокулук районунда “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө

Новости
22-Март 2017-ж.
1913
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы буйругуна ылайык, 2016-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 1-июнуна чейин Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик агенттигине караштуу Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын Сокулуктагы филиалындагы Белек, Арал Дальний, Национальное, Маловодное айылдарындагы төрт байланыш бөлүмүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында иш жүргүзүлөт.
Бул буйрук менен, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлө турган кызматтардын сапатын арттыруу, кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын жеткиликтүүлүгүн арттыруу, кызмат көрсөтүү мөөнөтүн кыскартуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында иштелип чыккан Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор жүргүзүү жөнүндө жобо” бекитилген. Ошондой эле пилоттук долбоорго даярдануу максатында Кыргыз почтасы” МИ жана мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн окутуучу тренингдер жүргүзүлдү (Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы, Социалдык фонд, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы).

Мындан тышкары Сокулук районунун өкмөттүк эмес уюмдарынын өкүлдөрү үчүн Кызмат көрсөтүү борборунун ишине тышкы мониторинг жүргүзүү боюнча семинар өткөрүлдү.
Чүй облусунун Сокулук районунун муниципалитеттеринде пилоттук мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча борбордун кызматкерлери үчүн операциялык колдонмо” иштелип чыкты.
Пилоттук режимде Бирдиктүү терезе” принциби, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү бир жерден берүү жана уюштуруу, арыз бергенден тарта натыйжасын алганга чейин бир мекемеден тейлөө мүмкүнчүлүгү сыноого алынат.
Пилоттук долбоорду өткөрүү үчүн кызмат көрсөтүү борборлорунда тандалып алынган райондук деңгээлдеги 6 көп талап кылынуучу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр тандалып алынат. Аларга:
-жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөө жана аны дайындоо;
- ар айда берилүүчү социалдык жөлөк пулду дайындоо жана төлөө;
- балдары бар аз камсыз болгон үй бүлөлөргө ар айда бериле турган жөлөк пулду дайындоо жана төлөө;
-туулгандыгын каттоо;
-никени каттоо;
-никени бузууну каттоо.
Пилоттук долбоорду ишке киргизүү үчүн 5 мамлекеттик орган тартылган, алар: Экономика министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Соцфонд, Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, МТБМК.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан долбоорду ишке ашыруу процессинде маалыматтык электрондук система иштелип чыгып ишке киргизилет, ал аркылуу кызмат көрсөтүүдө катышуучу мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн ортосундагы өз ара көмөктөшүү камсыз кылынат.

Бул долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2011-жылдын 31-майындагы буйругу менен түзүлгөн ведомство аралык комиссияга Экономика министрлиги тарабынан өлкөнүн бардык аймактарына бул пилоттук долбоордун натыйжасын жайылтуунун максатка ылайык экендиги жөнүндө сунуштар берилет.


Чүй облусунун Сокулук районунда Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууну мониторинг жасоо жана баалоо менен сайттын Мамкызматтар” бөлүмүнөн таанышса болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу