Кыргыз Республикасында товарларды чыгаруу мезгилин изилдөөгө алуу пландаштырылууда

Новости
21-Март 2017-ж.
1853
2017-жылдын 24-мартында саат 9-00 «Босого» конференц-залында («Орион» отели, Эркиндик гүлбакчасы 21) Кыргыз РеспубликасынынЭкономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Борбордук Азиянын соода логистикасы боюнча IFC(Дүйнөлүк банктын тобу) жана Борбордук Азиядагы Герман эл аралык кызматташуу коомунун соода процедураларын жөнөкөйлөтүү программасы (GIZ)долбоорунун колдоосу астында чыгаруу мезгилин изилдөөнү” пландаштырат.
ЧМИ Дүйнөлүк бажы уюму тарабынан бекитилген ыкма болуп саналат, ал бажы органынын импорт, экспорт жана транзитти чыгарууга кеткен убактысын өлчөйт. Изилдөө тышкы соода агымдарынын саналган элементтерин так өлчөөгө багытталып иш жүзүндө алардын натыйжалуулугун арттыруу үчүн жакшы ойлонулган чечимдер кабыл алынып ишке ашырылуусуна багытталат.
ЧМИ бардык чек арага жакын ички бажы постторундагы бардык ведомстволорду жана контролдоочу кызматтарды камтыйт. Бул ар бир катышуучуга өз системасын өнүктүрүүсү үчүн тариздөөнүн бардык чынжырчасындагы өз процесстерин кароого жол берет.

Изилдөө жыйынтыктары товарларды чыгарууда пайда болгон көйгөйлөрдү иликтөөгө жана алардын себебин билүүгө мүмкүнчүлүк берип соода менен байланышкан жол-жоболор үчүн талап кылынуучу убакытты кыскартуу менен оптималдаштырууну камсыз кылат.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу