Өкмөт тарабынан 2018-2020 жылдарга карата региондорду өнүктүрүүнүн жаңы вектору аныкталды

Новости
24-Март 2017-ж.
1828

Ушул жылдын 24-мартында 2018-2020- жылдар аралыгына Кыргыз Республикасынын Регионалдык саясатынын концепциясынын долбоору жактырылды.

Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев маалымат бергендей, сунуш кылынган өлкөнүн Регионалдык саясатынын концепциясынын долбоору региондорду өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү бирдиктүү саясатты түзүүгө багытталган.

Иштелип чыккан Концепциянын долбоорунун негизги милдеттери:

-калктын экономикалык активдүүлүгүн арттыруу үчүн өнүгүү башаты болгон экономикалык борборлорду түзүү;

-региондорду адистештирүүнү ишке киргизүү жана өнүктүрүү, ошондой эле кластерлерди түзүү;

-региондордо сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү (социалдык жана сервистик) үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;

- ар бир региондун өнүгүүсүнө өз алдынча мамиле түзүү.

Ушул Концепцияда базасында өнүгүү борборлорун түзүү үчүн 20 пилоттук шаарды жана калктуу пунктту бөлүп алуу сунуш кылынууда , алар - Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, Кара-Балта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, Сары-Таш, Таш-Көмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен жана Кочкор-Ата.

Бул долбоорду иштеп чыгуу максатында республиканын шаарларында жана райондук борборлорунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусу менен көчмө жумушчу жолугушуулар жүргүзүлдү.

Регионалдык саясаттын концепциясынын долбоору, региондун өнүгүүсүнө башат болуучу белгилүү бир калктуу пункттун деталдаштырылган өнүгүү программасын даярдоо үчүн базистик конструкцияны түзүү максатында иштелип чыккан

Шаарларды өнүктүрүү программасынын алкагында ошондой эле ар бир пилоттук шаарда кызмат көрсөтүүнүн кеңири спектри менен калкты тейлөө борборлорун түзүү, ошондой эле көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жана деңгээлин арттыруучу бизнести жана башка объекттерди тейлөө борборлорун ачуу пландаштырылууда.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын программаларын иштеп чыгуу боюнча иштер аяктады.

Бул Концепциянын алкагында министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго жана башка КР аткаруу бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тармактык жана аймактык программаларды/долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пландаштырылып жаткан КР 2018-2020 жылдарга карата Регионалдык саясаттын концепциясынын негизги багыттарын эске алуу тапшырмасы берилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу