Бизнес ассоциациялар Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору боюнча өз сунуштарын беришти

Новости
24-Март 2017-ж.
1953

Ушул жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин Чоң залында өлкөнүн вице-премьер- министри Олег Панкратовдун, экономика министринин орун басары Баккельди Тюменбаевдин, мамлекеттик органдардын, ведомстволордун, салык консультанттарынын, эксперттердин, бизнес-ассоциациялардын, коомдук кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусунда Улуттук ишкер клубдун Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча, ошондой эле салыктык талаш-тартыштарды сотко чейин чечүү тажрыйбасынын ролун жогорулатуу, Кыргыз Республикасында ББнын техникалык регламенттеринин күчүнө кирүүсү боюнча кезектеги жыйыны болуп өттү.

Вице-премьер-министр О.Панкратов бизнес өкүлдөрүнө документтин маанилүүлүгүн ошондой эле Салык кодексинин колдонуудагы редакциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү шартында мыйзамдык процесстин спецификасын эске алуу менен сунуштары менен маселелерин угууну сунуш кылды.

Улуттук ишкер клубдун жетекчиси Сергей Пономаревдун пикири боюнча чакан ишкерликтеги экономикалык оор кырдаалга байланыштуу ыктыярдуу патент алууну ушул бойдон эле сактап калуу керек. Анын сөзү боюнча СКнын жаңы редакциясында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердеги өнөктөштөр менен болгон операцияларда кыйыр салыктарды башкаруу жол-жоболорун комплекстүү түрдө карап чыгуу зарыл экендигине токтолду. СКнын долбоорунан салык органына КНС төлөөчүлөрдүн финансылык отчеттуулукту (бухгалтердик баланс) берүүнү КР Мамфинкөзөмөлдүн талабы боюнча бул отчет аларга берилгендигине байланыштуу кайталап берүүнү алып салуу сунушу берилди.

Как сказала председатель правления общественного объединения «Палата налоговых консультантов» Татьяна Ким, необходимо отметить важность и необходимость поправок, предлагаемых в проекте Налогового кодекса, системно направленных на кардинальное изменение ситуации, как с досудебным рассмотрением налоговых споров, так и с судебным разбирательством по ним:

Салык консультанттарынын палатасы” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын төрагасы Татьяна Кимдин айтуусу боюнча, салыктык талаш-тартыштарды сотко чейинки жана соттук териштирүү аркылуу кароо боюнча кырдаалды кардиналдуу түрдө өзгөртүүгө системалуу түрдө багытталган Салык кодексинин долбоорунда сунуш кылынып жаткан түзөтүүлөрдүн маанилүүлүгүн жана зарылчылыгын белгилеп кетүү зарыл:

-ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын салык мыйзамынын ченемдерин колдонуу боюнча, анын ичинде карама каршылыктар менен боштуктар боюнча суроо талаптары боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү;

-Коомдук байкоочу кеңеш салык төлөөчүнүн салык мыйзамдарынын жол-жоболору жана мөөнөтү, тартиби боюнча суроолоруна жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү;

-ыйгарым укуктуу органдын салык мыйзамдарын колдонуу боюнча түшүндүрмөсү КБК үчүн аткарылууга милдеттүү жана укук коргоо жана сот органдары тарабынан салыктык талаш-тартыштарды жана процессуалдык аракеттерди кароодо далил катары кабыл алынат;

-КР СКнын ченемдеринде карама-каршылыктын жана боштуктар болсо Коомдук байкоочу кеңеш менен соттор гана эмес ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган да салык төлөөчүлөрдүн пайдасына чечим чыгарат

-эгерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КР СКда ченемдин жоктугун же карама каршылыкты тапкан болсо, Коомдук байкоочу кеңеш салыктын суммасын чегергенге чейин чечимди жокко чыгарууга милдеттүү;

-эгерде салык төлөөчү салыктык милдеттерин ыйгарым укуктуу салык органынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык чегерген болсо; анын аракеттеринин туура жасалганы салык органынын тиешелүү чечими жана салыктык текшерүүнүн актысы менен ырасталган болсо, мыйзамда каралган тартип боюнча күнөөлүү экендиги далилденбесе салык төлөөчү күнөөлүү деп эсептелбейт жана ага салыктык санкция салынбайт.

Жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гульнара Ускенбаеванын сөзү боюнча чакан жана орто бизнесте көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында кошумча нарк салыгы боюнча электрондук счет фактураларды киргизген салыктык отчеттуулукту кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгүн кароо зарыл. СКнын жаңы долбоорундагы КНС салыгын төлөөчүнү ыктыярдуу каттоодо КНС боюнча 1 млн.сом депозитти алып салууну кароо керек.

Өз кезегинде министрдин орун басары Б.Тюменбаев КР СКнын жаңы редакциясынын жаңы долбоорунун учурдагы статусу жөнүндө айтты.

Бүгүнкү күнгө чейин СКнын долбооруна 43 субъекттен сунуштар келип түшкөн. Анын ичинде жумушчу тартипте 39- сунуш иштелип чыгып, 14 жыйын менен жолугушуулар субъекттердин өздөрүнүн катышуусунда өттү, 21 субъектке кат жүзүндө жооп берилди, 4 субъект боюнча келип түшкөн суроолорунун үстүндө иштелип жатат жана кийинки ай аралыгында келип түшкөн сунуштар боюнча иштерди аяктоо пландаштырылууда.

Мындан тышкары ушул жылдын 13-февралында Экономика министрлигинде ЖСТ толуктап иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп 49 мүчөнүн буйругу чыгарылган. Андан кийин мүчөлөр тармактар боюнча бөлүнүп жумушчу топтун өкүлдөрү болуп бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жумушчу топтун өкүлдөрү болуп дайындалышты. Бул жумушчу топто 15 жумушчу жыйын өткөрүлдү.

Ошондой эле министрдин орун басары Ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты колдонуунун жалпы шарттары жөнүндө” 407-беренеге түшүндүрмө берди.

1. Жогорку Кеңештин профильдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмеге ылайык иш алып барган жеке жак ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укуктуу.

2. Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөчү жеке жак (мындан ары ушул главада-салык төлөөчү) салыктын төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөйт.

1) Пайда салыгы;

2) Сатуу салыгы.

3. Салык төлөөчүлөр жалдап алган жумушчуларына киреше салыгын төлөөнүн ордуна ыктыярдуу патент алууга тиешелүү иш чөйрөсүндө иштеген ар бир жумушчуга 7 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө ыктыярдуу патент алууга милдеттүү.

4. Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонууга төмөнкүлөрдүн укугу жок:

1) КНС төлөөчү салык төлөөчүлөр же/жана акыркы 12 ай үчүн кирешесинин көлөмү КНСтин каттоо чегинин өлчөмүнөн ашса;

2) Товарларды импорттоону ишке ашырган жеке жактар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тизмеге ылайык иштин түрү боюча тигүү жана текстиль тармагындагы субъекттерди кошпогондо.

3) уюмдар.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу