Дүйнөлүк бажы уюмунун Чыгаруу мезгилин изилдөө боюнча колдонмосу кайталангыс инструмент болуп саналат

Новости
23-Март 2017-ж.
1973
2017-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте Борбордук Азиянын соода логистикасы боюнча IFC(Дүйнөлүк банктын тобу) жана Борбордук Азиядагы Герман эл аралык кызматташуу коомунун соода процедураларын жөнөкөйлөтүү программасы (GIZ)долбоорунун колдоосу астында Чыгаруу мезгилин изилдөө” темасында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үчүн семинар өткөрдү. (ЧМИ)
Семинарды ачып жатып экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Кыргызстан Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан менен чектешүү менен деңизге чыга турган түз жолго ээ эмес экендигин, ошондой эле өнүккөн эл аралык жана ички рыноктон алыс тургандыгы сооданы өнүктүрүүгө кедергисин тийгизип жаткандыгын белгилеп өттү.
Ошондой эле республикада башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен бирдей эле кымбат логистикалык инфраструктура көйгөйү бар. Ар түрдүү эксперттик баалоолор боюнча чек ара аркылуу контейнерди ташуу, транспорттук инфраструктурасы анча өнүгө элек мамлекеттерге салыштырмалуу өнүккөн өлкөлөрдө 43% жогору.
Өкмөт республиканы дүйнөлүк рыноктордон ажыратууну азайтуу үчүн, логистикалык индустрияны жана транзиттик ташууну жакшыртуу максатында жол курууга, жолдорду оңдоп түзөтүүгө жана чек ара менен чектеш пункттарды инвестициялоону жогорулатууну чечти.
2016-жылы Кыргыз Республикасы соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча Макулдашууну ратификациялаган, бул товарлардын транзитине, импорт менен экспорт менен байланышкан жол-жоболор үчүн төлөмдөр жана төгүмдөрдү алууга жана соода тармагындагы эрежелердин ачыктыгы менен байланыштуу.

Соода жол-жоболорун жеңилдетүү боюнча ДСУ Макулдашуусуна катышуу республика үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени ал кыргыз товарларынын жолундагы тоскоолдуктарды азайтат. Ошону менен бирге кошумча пайда алуу күтүлүүдө, ага ылайык товарлардын транзиттөө үчүн жол жоболордун ачыктыгы жана натыйжалуулугуна болгон талаптар күчөтүлөт.
Ушуга карабастан товарларды чек арадан алып өтүүдө эл аралык соодадагы чыгымдарды болжол менен 12% көбөйтүүчү бюрократиялык тоскоолдуктар жана кармап туруулар менен байланышкан көйгөйлөр кала берүүдө.
Мамлекеттик орган үчүн жүктү чыгаруу үчүн зарыл болгон мезгил алардын ишинин натыйжалуулугунун бирден бир көрсөткүчү болуп саналып соода чыгымдарына олуттуу таасирин тийгизет. Чыгаруу процесси канчалык тез болсо соода субъекттеринин жеткирүүлөрдүн жеткирүү жолдорун оптималдаштыруу, башкаруу жана пландоо боюнча мүмкүнчүлүктөрү чоң болот. Чыгаруу процесси саламаттык сактоо, айыл чарба, экология ж.б.у.с жооп берүүчү ведомстволордун аракеттерин жана алардын өлкө аймагына алып кирүүгө уруксат берүү же аларды ташып келүүгө тыюу салуу аракеттерин координациялоону болжолдойт. Координациянын жетишсиздиги көпчүлүк убакта текшерүү иш –чараларын кайталоого алып келүү менен чыгаруудагы мезгилди узартат.
Чыгаруу мезгилин изилдөө боюнча Дүйнөлүк бажы уюмунун колдонмосу бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугун жана майнаптуулугун ченөө боюнча кайталангыс инструмент боло алат жана чек арада соода жол-жобосун жеңилдетүү менен түздөн-түз байланышта.
Ошентип ЧМИ бажы кызматынын жана башка жөнгө салуучу органдардын товарларды стандарттуу түрдө экспорттоодо жана транзитттөөдө жана импорттоо процессинин жүрүшүндөгү ишине тиешелүү натыйжалуулук аспекттерин ченейт. Изилдөө тышкы соода агымдарынын саналган элементтерин так ченөөгө багытталып тажрыйба жүзүндө натыйжалуулукту арттыруу үчүн жакшы ойлонулган чечимдер ишке ашуусуна көмөк берет.
Ушуга байланыштуу Э.Абакиров семинардын катышуучуларынын иштерине ийгилик каалоо менен бүгүн алган билимдер товарларды чыгаруудагы көйгөйлөрдү жана алардын себептерин көрө билүүгө көмөк берип соода менен байланышкан жол-жоболор үчүн талап кылынуучу убакытты кыскартууга жана ишти оптималдаштырууга зор таасирин тийгизе ала тургандыгына ишеним артты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу