БС ТРны республиканын аймагында ишке киргизүү жана сыноо лабораторияларын жабдуу боюнча

Новости
23-Март 2017-ж.
1822
Ушул жылдын 23-мартында өлкөнүн экономика министри Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы Союзунун 18 Техникалык регламентинин күчүнө кирүүсүнө даярдык көрүү маселелери боюнча жыйын болуп өттү.
Министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу менен болуп өткөн бул жыйында Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы Союзунун техникалык регламенттерин ишке киргизүү боюнча жана сыноо лабораторияларын жабдуу боюнча бир нече маселелер каралды
Ошондой төмөнкүлөр презентацияланды:
- БС ТРнын шилтеме ченемдеринин улуттук мыйзамдарда аткарылуу абалы;
- сыноо лабораторияларынын жана сертификаттоо боюнча органдардын болуусу;
-сертификаттоо боюнча органдардын жана сыноо лабораторияларынын БС ТРнын талаптарын аткарууга даярдыгы;
- БС ТРны республиканын аймагында ишке киргизүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү схемасы.





Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу