Министр А.Кожошев Италиянын элчиси менен болгон жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы статусун талкуулашты

Новости
23-Март 2017-ж.
1817
2017-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев Италиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Стефано Раваньян менен жолугушту.

Министр А.Кожошев Италия менен соода, инвестиция, ишкердик сыяктуу чөйрөдө өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө чоң маани бере тургандыгын баса белгиледи.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар республиканын Евразия экономикалык союзуна кирүүдө эки тараптуу кызматташуунун учурдагы статусун, ошондой эле Европа Союзунун алкагындагы мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейүүсүн жана активдештирүүнү талкуулашты

Ошондой эле экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн шарт түзүү максатында, инвестицияларды коргоо жана дем берүү боюнча макулдашуу түзүү процессин тездетүү жөнүндө келишимге жетишилди.

Бир эле мезгилде элчи Италиянын Экономика министринин Кыргыз Республикасынын экономика министрине 2017-жылдын
майында эки мамлекеттин экономика маселелерин тескөөчү ведомстволорунун ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу, ошондой эле Италиянын бизнес-чөйрөсүн Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу секторлор менен тааныштыруу үчүн Италияга визит менен келүүгө чакыруусун билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары Тараптардын эки тараптуу кызматташуу маселелерин чечүүгө болгон конструктивдүү мамилелери достуктун жана өз ара түшүнүүнүн негизинде бардык багыттар боюнча өз ара алгылыктуу жана эки тарапка тең пайдалуу чечимдерди кабыл алууга негиз боло тургандыгына ишеним артышты.





Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу