Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы өкмөт аралык өз ара аракеттенишүү деңгээлинде кызматташуунун активдешүүсү жөнүндө

Новости
28-Март 2017-ж.
1875

2017-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошев менен Пакистан Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү Кази Хабиб Ур Рехмандын жолугушуусу болуп өттү.

Тараптардын жолугушуусунун жүрүшүндө акыркы жылдарда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы өкмөт аралык кызматташуунун алкагында кызматташуунун активдешүүсү байкалууда, ошол эле мезгилде кызматташуу боюнча бардык мүмкүнчүлүктөр толук колдонулбай келет.

Тараптар соода –экономикалык жана илимий –техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөт аралык комиссиясынын өкмөттөр аралык 3- жыйынын ролунун маанилүү экендигин белгилей кетишти.

Ошондой эле, Европа Союзунун соода тармагында халал-индустриясын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин линиясы боюнча эки тараптуу макулдашууну түзүү маселесин толуктап иштеп чыгуу маселелери каралды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу