Бал чарба продукцияларын өндүрүүнү байкоодо болуусун камсыздоо боюнча иш чараларды илгерилетүү жөнүндө

Новости
28-Март 2017-ж.
1994

2017-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитация борборунда балдын экспорту боюнча кошумча нарк чынжырчасы боюнча жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Алар өз ичине Экономика министрлигинин, Айыл чарба, Мамлекеттик ветеринардык инспекциясынын, Кыргыз Республикасынын балчылар союзунун, Кыргыз аккредитация борборунун, тамак аш продукциясынын шайкештигин баалоо боюнча көз карандысыз эксперттин өкүлдөрүн камтыйт.

Жумушчу топтун ишине Герман Физико-Техникалык Институтунун эксперти катышты.

Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн ишинин жүрүшүндө Балчылар союзунун жана Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү балды өлкөдөн экспорттоо боюнча шарт түзүүгө багытталган иш-чараларды илгерилетүү жөнүндө жана бал чарба продукциясын өнүктүрүү байкоодо болуусун камсыз кылуу боюнча маалыматтарды беришти

Мындан тышкары жумушчу топ ВСП+ алкагындагы иш-чаралардын маселесин талкуулашты. Анткени азыр Европага экспорт болунуучу потенциалдуу продукция бал болууда.

Ошондой эле КАБдын өкүлдөрү Кыргыз Республикасы ээ болгон ВСП+ статусунун алкагында иштелип чыккан ата мекендик товарларды Европа Союзунун рыногуна алып чыгуу үчүн Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыккан Жол картасынын долбоору жөнүндө маалымат берди

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча балды экспорттоо боюнча шарт түзүүгө багытталган мындан аркы иш-чаралар анын ичинде жумушчу топ тарабынан Жол картасына сунуштарды киргизүү үчүн кароо аныкталды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу