Бишкекте «KyrgyzBuild 2017» мааракелик эл аралык 15-курулуш көргөзмөсү ачылды

Новости
28-Март 2017-ж.
2127

Бүгүн 2017-жылдын 29-31-мартында Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде жыл сайын өткөрүлүүчү «KyrgyzBuild 2017» эл аралык курулуш көргөзмөсүнүн” ачылышы болду.

Көргөзмөнүн ачылышына Президенттин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, профилдик министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, катышып жаткан экспозициянын өлкөсүнүн дипломатиялык миссиялары, ошондой эле ири тармактык ишканалар менен бизнес структуралардын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров белгилеп кеткендей курулуш сектору өлкө экономикасынын маанилүү тармагы болуп эсептелет. Ошондуктан бул тармактагы жагымдуу шарттар жумушчу орундарды түзүүгө, салык топтоого, инфраструктуралык жана ишкер климаттын жакшыруусуна шарт түзөт.

Жыл өткөн сайын бул көргөзмөгө болгон кызыгуу артып келүүдө, анткени ал адистерге гана курулуш тармагындагы жетишкендиктер менен технология менен тааныштырбастан бардык каалоочуларга курулуш өнөрүнүн жаңы үлгүлөрүн көрсөтүп келүүдө.

Бул көргөзмө бир аянтчага беш багыт боюнча дистрибьюторлорду жана өндүрүүчүлөрдү бириктирет, алар: «KyrgyzBuild»- курулуш жана интерьер, жылуулук берүү жана вентиляция, терезе, эшиктер, фасаддар”, «EnergyExpo»- Энергетика жана жарыктандыруу, калыбына келүүчү жана салттуу эмес энергия булактары”, «RealtyExpo»-кыймылсыз мүлк жана инвестиция”, «KyrgyzComex» - жол курулушу жана атайын техника жана курамдык бөлүктөр” жана «SPEX»- өнөр-жай коопсуздугу, сактоо каражаттары жана өрткө каршы коргонуу”.

Мааракелик экспозицияда дүйнөнүн 12 мамлекетинен 64 компания катышты, Россия, Казакстан, Белорусия, Украина, Кытай, Турция, Германия, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Италия, Швейцария, Польша жана өндүрүүчү заводдордун Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүктөрдүн 110 стенди катышты.

«KyrgyzBuild 2017» көргөзмөсүнө расмий колдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Жолдор жана транспорт министрлиги, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет, Улуттук Энергохолдинг компаниясы жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги тараптан берилди.

Медиа колдоону алдыңкы 3 жарнама-маалыматтык агенттик жана 32 жалпыга маалымдоочу каражаттар тарабынан берилди (республикалык гезиттер жана журналдар, маалыматтык сайттар. Көргөзмөнүн генералдык демөөрчүсү- «Hoffmann aluminium».

компаниясы.

Генералдык медиа-өнөктөш Индустриалдуу Кыргызстан” республикалык маалыматтык аналитикалык бизнес журналы.

Маалымат:

2016-жылдын 30-мартынан 1-апрелине чейин Бишкек шаарында болуп өткөн «Kyrgyz uild» эл аралык 14- көргөзмөсүнө дүйнөнүн 10 мамлекетинен 4000ден ашык адам катышкан. Көрүүчүлөрдүн негизги бөлүгүн курулуш жана энергетика тармагынын менеджерлери жана профилдик адистер, ошондой түрдүү мекемелердин жетекчилери түзгөн. Форумдун бириктирилген экспозициясы бирдиктүү аянтта дүйнөнүн 7 өлкөсүнүн 60 компаниясын бириктире алды. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы даярдоочу заводдордун расмий өкүлчүлүктөрүнүн 130 стенди катышкан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу