Ушул жылдын 12-августунан күчүнө кирүүчү 18 Техникалык регламенттин жоболору жөнүндө

Новости
27-Март 2017-ж.
2043

2017-жылдын 28-29- мартында экономика министрлигинин Чоң залында 2017-жылдын 12-августунан баштап күчүнө кирүүчү Бажы Союзунун 18Техникалык регламентинин жоболорун түшүндүрүү боюнча семинар Евразия экономикалык союзунун техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин эксперттеринин катышуусу менен өз ишин баштады.

Семинарды ачып жатып КР ЭМ дин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын шайкештикти баалоо системасын жөнгө салуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Бакыт Шабданов Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Валерий Корешковго жана ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу жана аккредитация департаментинин командасына Кыргыз Республикасына келгенине жана бул иш-чараны өткөрүп жаткандыгына ыраазычылык билдирди.

Бул иш-чара бизнес коомчулукка, өндүрүүчүлөргө, экспортерлорго жана мамлекеттик органдарга , шайкештикти баалоо органдарына, сыноо лабораторияларына, Өкмөт өзгөчө көңүл буруп жаткан Кыргыз Республикасынын аймагында Техникалык регламенттин күчүнө кирүүсү жөнүндө кеңири маалымат берүү алкагында өтүүдө.

ЕАЭБге интеграциялануунун базалык элементи жана Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин негизги багыты болуп техникалык жөнгө салуу болуп эсептеле тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Биз тамак аштын, суунун, электр техникасынын, өндүрүштө иштетүүчү жабдуулардын, имараттардын, курулуш материалдардын ж.б коопсуздугуна кызыктарбыз. Мунун баары техникалык жөнгө салуу объекттери болуп саналат деп билдирди Б.Шабданов.

Ошону менен бирге ББТР ЕАЭБдин аймагында түздөн түз таасирге ээ. Ошону менен бирге рынокко продукцияны алып чыгууга бирдиктүү система белгиленип, шайкештиктин бирдиктүү документтери жана бирдиктүү белги колдонулат. Мунун баары техникалык жана административдик тоскоолдуктарды төмөндөтүү системасынын элементтери болуп саналат.

2017-жылдын 12-августунан Бажы союзунун 18 техникалык регламенти күчүнө кирет:

1. Темир жолдун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 001/2011),

2. «Темир жол транспортунун инфраструктурасынын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 003/2011),

3. «Таңгактын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 005/2011),

4. «Пиротехникалык буюмдардын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 006/2011),

5. «Балдарга жана өспүрүмөргө арналган продукциянын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 007/2011),

6. «Оюнчуктун коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 008/2011),

7. «Лифттин коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 011/2011),

8. «Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу » (ТР ТС 017/2011),

9. «Тамак аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» (ТР ТС 021/2011),

10. «Тамак аш продукциясы маркалоо жагында» (ТР ТС 022/2011),

11. «Мөмө - жемиш жана жашылчалардан алынган шире продукцияларына техникалык регламент (БС ТР 023/2011),

12. Май продукцияларына техникалык регламент” (БС ТР 024/2011),

13. Эмерек продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 025/2012);

14. «Тамак-аш продукцияларынын адистештирилген өзүнчө түрлөрүнүн, анын ичинде диеталык дарылоо жана диеталык алдын алуучу тамак-аштарынын коопсуздугу жөнүндө (БС ТР 027/2012);

15. Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчү жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна талаптар” (БС ТР 029/2012);

16. Жардыргыч заттардын жана алардын негизинде жасалган буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 028/2012).

17. Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 033/2013);

18. Эт жана эт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 034/2013).

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу