Экономика министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык эксперттин лекциясы болуп өтөт

Новости
16-Март 2017-ж.
1840
Коррупциянын алдын алуу боюнча эл аралык тажрыйбаны иликтөөдө 2017-жылдын 22-мартында саат 15.00 Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуунун катышуусунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык эксперт, коррупциянын алдын алуу боюнча Италиянын Улуттук агенттигинин мурунку жетекчиси Лука Трифоненин катышуусунда Италиянын коррупцияга каршы органдарынын коррупциянын алдын алуу чөйрөсүндөгү тажрыйбалары” деген темада лекциясы болот.

Лекциянын жүрүшүндө Италиянын мисалында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жаңы мамилелер жөнүндө, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн улуттук пландарын даярдоо, тобокелдиктерди талдоо жана баалоо, мамлекеттик сатып алуулар системасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча инновациялык мамилелер, комплеанс системасын түзүү боюнча презентация өтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу