Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосунда техникалык көмөктөшүүгө өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Новости
16-Март 2017-ж.
1839

2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2016-жылдын 26-декабрындагы Жардам берүү жана аны колдонууну контролго алуу тартиби жөнүндө протоколго жана 2016-жылдын 26-мартындагы Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлду.

Жардам берүү жана анын колдонулуусуна контрол жүргүзүү тартиби жөнүндө протоколго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө протокол жардам берүү жол-жоболорун жеңилдетүүнү карайт.

Техникалык көмөктөшүү жөнүндө протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протокол менен сметанын суммасы 41 038096 АКШ долларына чейин көбөйтүлдү (мурда 7526780 АКШ долларына кол коюлган) 2016-жылдын 26-декабрындагы Евразия экономикалык интеграциясынын шартында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ортосундагы макулдашуу жана протоколдор Казакстан Республикасы тараптан Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Жол картасынын иш чараларын каржылоо максатында Казакстан Республикасы тараптан жардам берүүгө багытталып бажы инфраструктурасын, сыноо лабораторияларын техникалык жактан жабдууга жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат.

Макулдашууга жана Протоколго ылайык жардам этап менен берилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу