Евразия экономикалык кеңешинин комиссиясынын Москва шаарында болуп өткөн жыйыны жөнүндө

Новости
16-Март 2017-ж.
1884

2017-жылдын 17-мартында Москва шаарында Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү ( мындан ары-ЕЭК кеңеши). Жыйында ЕЭК кеңешинин мүчөлөрү: Вице-премьер-министр, Армения Республикасынын реформалар жана эл аралык экономикалык интеграциялар министри Ваче Габриелян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Василий Матюшевский, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Мамин, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары Игорь Шувалов, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян жана ЕЭКтин Коллегия мүчөлөрү

Жана экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков катышты.

Жыйындын жүрүшүндө техникалык жөнгө салуу, бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, соода саясаты чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды.

ЕЭКтин кеңеши тараптан төмөнкүдөй документтер жактырылды:

-ЕЭК Кеңешинин 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы союзунун комиссиясынын чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Бул Чечим менен карантиндик фитосанитардык чараларды лабораториялык камсыздоо тартибине, Евразия экономикалык бирлигинин карантиндик объекттеринин бирдиктүү тизмеси, бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарга жана бул тармактагы башка документтердеги кайталанма ченемдерди алып салууну карайт. Чечим бажы чек араларында жана биримдиктин бажы аймактарында карантиндик фитосанитардык контрол жүргүзүүдө талаштуу кырдаалдардан качууга жол ачат жана ички жана өз ара соода кылууда негизсиз тоскоолдуктардан арылтат.

- ЕЭКтин Кеңешинин 2012-жылдын 20-июлундагы Евразия экономикалык кеңешинин чечиминин 2-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечими.

Документ ЕЭКтин Кеңешинин 2012-жылдын 20-июлундагы Евразия экономикалык кеңешинин чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт анда Жардыргыч заттардын жана андан жасалган буюмдардын коопсуздугу жөнүндө” (ТР ТС 028/2012) бажы биримдигинин техникалык регламентинин 4-беренесинин 1-пунктунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2017-жылдын

1-январынан 2021-жылдын 1-январына жылдырууну карайт. Бул пункт жардыруучу заттарды маркалоону жардыруучу заттарга маркалоочу заттарды киргизүү жолу менен техникалык жана башка каражаттар менен жардыруучу заттарды аралыктан табууну камсыз кылуу максатында ошондой эле жардыргыч заттардын даярдалуусун аныктоо максатында маркалоону киргизүүнү карайт.

-Оюнчуктардын коопсуздугу жөнүндө” Бажы биримдигинин техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” ЕЭКтин Кеңешинин чечими

Кабыл алынган чечимде магнит бекитилген же магнит элементтери менен магниттик оюнчуктардын коопсуздугуна талаптарды белгилейт, оюнчуктардын таңгактарына болгон талаптарды тартипке салат, ошондой эле Биримдиктин бажы территориясына сатылуучу оюнчуктардын коопсуздугуна кошумча талаптарды белгилейт.

-ЕАЭБдин Тышкы экономикалык иштеринин бирдиктүү товардык номенклатурасына, ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифине, ошондой эле ЕЭКтин Кеңеши тарабынан чечим кабыл алынуучу байымы жок товарлардын тизмесине алып келүүдөгү бажы алымдарынын ставкаларына, булгаары-бут кийим өнөр-жайлары үчүн эфирспирттерине карата өзгөртүү киргизүү жөнүндө” ЕЭКтин Кеңешинин чечими.

Чечимде булгаары-бут кийим өнөр-жайы үчүн товарларга ЕАЭБ ТЭИ ТН (код 2909 49 800 1 ТН ВЭД ЕАЭС) бөлүү 2019-жылдын 31-мартына чейин ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын алып келип жаткан товардын максаттуу пайдалануусун тастыктоо менен жана көрсөтүлгөн товарларга алып келүүдөгү бажы алымдарын бажы наркынын 0% өлчөмдө колдонуу каралат.

Бажылык-тарифтик жөнгө салуунун сунуш кылынып жаткан чаралары булгаары, булгаары галантереялык продуктуларга жана бут кийимди өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган.

-Иран менен эркин соода зонасын түзүүгө убактылуу макулдашуу боюнча консультациялардын жүрүшү жөнүндө.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Иран Ислам Республикасы менен эркин соода зонасын түзүүгө алып келүүчү убактылуу макулдашуунун долбоорун бир жумалык мөөнөттө аяктоо жөнүндө макулдашууга жетишилди, ошондой эле Иран менен преференциялык режимди этап менен ишке ашырууну баштоо максатында Макулдашуу менен бекитиле турган тарифтик милдеттенмелерге жетишилди.

- Евразия экономикалык комиссиясынын документ жүгүртүү абалын максаттуу изилдөөнү камсыз кылуу жөнүндө” ЕЭКтин Кеңешинин тапшырмасы

Бул документ менен ЕЭКтин төрагасына ЕЭКтин ички документ жүгүртүүсүндөгү белгиленген тартиптердеги жол жоболордун тиешелүү түрдө аткарылышын ЕЭКтин департаменттериндеги документ жүгүртүүнүн абалына максаттуу изилдөө жүргүзүүнү камсыз кылуу тапшырмасы берилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу