Министр А.Кожошев : Ата-мекендик экспортерлорго продукциянын шайкештик маселелери боюнча эксперттик колдоо жөнүндө

Новости
16-Март 2017-ж.
1916

Ушул 17-мартта «SGS Bishkek» компаниясынын презентациясында экономика министри Арзыбек Кожошев компаниянын коноктору менен өкүлдөрү менен саламдашуу менен: - «SGS» бул дүйнөлүк белгилүү компания жана инспекциялык кызматтарды, экспертизаларды, сыноолорду жана сертификация жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү тармагында алдыңкы орунда турат. Кийинки жылы бул уюмдун негизделгенине 140 жыл болот ошондуктан бул жылы Кыргыз Республикасында өз офисин ачып жатышын чоң окуя катары кабыл алса болот-деп белгиледи.

Биз бул окуянын маанилүүлүгүн жогору баалайбыз жана бул иш-чара сапатты, коопсуздукту, өндүрүмдүүлүктү жана тобокелдиктерди төмөндөтүүгө багытталган адистештирилген бизнес-чечимдерди жакшыртуу үчүн зор түрткү болуп өлкөдө бизнести туруктуу өнүктүрүү үчүн кепилдик берет деп ишенебиз ”-деп белгилей кетти министр.

Экономика министри Швейцария элчилигине жана элчи мырза Рэн Холенштайн мырзага өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө жасаган аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен бирге «SGS» компаниясы башка компанияларга да таасирин тийгизүү менен биргеликте узак мөөнөттө кызматташууга аракеттенет.

Учурда республикада өлкөнүн инвестициялык саясатын жакшыртууга, жагымдуу бизнес-чөйрө түзүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга багытталган экономикалык реформалар жүргүзүлүүдө.

Ошентип, республикада инвестициялык режим ата-мекендик инвесторго да чет элдик инвесторго да бирдей болуп саналат, биздин рынокко кирүүдө административдик тоскоолдуктар кыскарган. Ошону менен бирге либералдуу салык режими түзүлгөн.

2015-жылдын 12-августунан Евразия экономикалык союзу жөнүндө келишим күчүнө киргенден тартып инспекциялык кызматтар, экспертиза, лабораториялык сыноолор жана сертификациялоо маселелерине болгон талаптар өзгөрдү.

Ошондой эле ЕАЭБге мүчө болуу ВСП+ алкагындагы преференциялар сыяктуу эле кыргыз бизнесине региондун динамикалуу интеграциялануусуна жана өндүрүш көлөмүнүн көбөйүшүнө, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет. Мындан тышкары бул процесстер жаңы технологияларды ишке киргизүүгө жана негизги соода-экономикалык өнөктөштөрдүн рыногуна жеткиликтүүлүктү арттырууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө болуусунун маанилүү шарттарынын бири болуп өтмө жоболорду пайдалануу болуп эсептелген. Биз бул нерсеге жетише алдык жана ал биз үчүн чоң жетишкендик. Бүгүнкү күндө коомдо жана эксперттик коомчулукта өтмө жоболорду техникалык регламент катары кабыл алышууда. Бүгүнкү күндө биз өтмө жоболорду алган техникалык регламенттер маанилүү багыт болуп эсептелет, бул жөн гана техникалык регламент эмес бул лабораторияларды жабдуу, окутуу, инспекцияны көзөмөлгө алуу, бизнестин укугун маалымат берүү менен жана башка аспекттерден коргоо болуп эсептелет.

Сөзүнүн аягында министр А.Кожошев «SGS» компаниясы менен өз ара тыгыз байланышуу ниетин билдирди, айрыкча алардын бизнес-чечимдерине инновациялык мамиле жасагандыгына. Ата-мекендик экспортерлорго алардын продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн эл аралык стандарттарга шайкеш келүүсүндө жана эл аралык рынокто сапатын жана укугун коргоого «SGS» компаниясынын колдоосу зарыл. Компаниянын иши жана анын кеңири мүмкүнчүлүктөрү мамлекеттик органдар, ишкерлер жана керектөөчүлөр тарабынан колдоого алынат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу