Министрдин орун басары Э.Абакиров К д Ивуардын Кыргыз Республикасындагы элчиси менен жолугушууда экспорт инвестиция маселелери боюнча маалымат алмашты

Новости
16-Март 2017-ж.
1806

2017-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров менен Кот д`Ивуар Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси (Москва шаарындагы резиденциясы менен) Бернар Тано-Бучуе менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык тармакта кызматташуу боюнча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө пикир алмашты.

Министрдин орун басары Э.Абакиров Өкмөт тарабынан экономикалык өсүүнү камсыз кылуу, атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүү жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча активдүү иш алып барылып жаткандыгына токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Тараптар экспорт жана өз ара инвестициялар боюнча маалымат алмашууга. Ошондой эле өз ара ыңгайлуу шарттарда товар алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтөөнү макулдашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу