Тышкы экономикалык иштердин катышуучулары үчүн бажы төлөмдөрүн эсептөөнүн калькулятору иштелип чыкты

Новости
16-Март 2017-ж.
1833

Тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ишин жеңилдетүүнү улантып Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы тышкы соода чөйрөсүндөгү Бирдиктүү терезе” Борбору” бажы төлөмдөрүн эсептөө калькулятору иштелип чыкты.

Калькулятор алып келинген товарлардын наркы боюнча бажы төлөмдөрүн эсептөөгө арналган(1-метод)- бажы наркын аныктоонун негизги методу бажы чек арасынан өтүп жаткан учурда төлөнүүгө тийиш болгон же иш жүзүндө төлөнгөн бүтүмдөрдүн наркы боюнча аныкталат. Анын ичинде бажы наркына ташуу, камсыздандыруу, лицензиялоо жана башка декларант тарабынан бажы чек арасынан өтүү маалында кеткен чыгымдар кирет.

Бардык каражаттан calc.trade.kg калькуляторуна кирүү менен, Тышкы экономикалык иштердин катышуучусу төмөнкүлөрдү тез жана жеңил карап эсептөө мүмкүнчүлүгүн алат:

-ТЭИТН дагы товардын кодун (коду жана аталышы боюнча), санын, баасын ж.б маалыматтарды көрсөтүү менен бажы төлөмдөрүн эсептөө;

-өз товары үчүн бажы төлөмдөрүнүн белгиленген ставкаларын кароо;

-талаптар жана ставкалар колдонулуучу мыйзамдардын тексти менен таанышуу.

Калькулятор менен иштөөнү баштоо үчүн ташуучу үчүн товардын атын билүү гана жетиштүү.

Маалымат телефондору 0312 90-26-40 (маалыматтык технологиялар бөлүмү БТБ МИ)

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу