Эр-Рияд шаарында биргелешкен кыргыз –сауд кызматташуусу боюнча комитетинин 1-жыйынын протоколуна кол коюлду

Новости
14-Март 2017-ж.
1994

2014-жылдын 8-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Королдугунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө генералдык макулдашуунун 8-беренесине ылайык, эки мамлекеттин ортосунда оң мамилелерге негиз түзүүчү кызматташуу боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитети түзүлгөн.

Кыргыз-сауд кызматташуу боюнча комитетинин биргелешкен биринчи жыйыны 2017-жылдын 14-15- мартында Эр-Рияд шаарында болуп өткөн.

Комитеттин кыргыз бөлүгүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов, Сауд тарабын Сауд Аравиясынын курчап турган чөйрө менен суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдулрахман А.Альфадли жетектеди.

Абдулрахман А.Альфадли 1-жыйынды ачып жатып министр Ж.Калиловду жана аны коштоп келген делегацияны жылуу кабыл алды. Ошону менен бирге ар түрдүү тармактарда эки мамлекеттин кызматташуусу аркылуу кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачылып жаткандыгы жөнүндө билдирди.

Транспорт министри Ж Калилов өз кезегинде Сауд Аравия Өкмөтүнө жылуу кабыл алгандыгы үчүн жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирүү менен эки мамлекеттин мындан аркы кызматташуусу үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтоло кетти.

Тараптар кызматташуу жана өз ара түшүнүү менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, пленардык жыйындын кабыл алуусу үчүн бир нече сунуштарды киргизди.

Ар маселени кылдат талкуулоодон өткөргөндөн кийин төмөнкүдөй сунуштар иштелип чыгып сунуш кылынды:

Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташуудагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат менен алмашты жана эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестицияны кеңейтүү аркылуу бул мамилелерди мындан ары өнүктүрүү зарылчылыгына токтолушту.

Тараптар соода жана инвестициялык потенциал менен таанышуу мамлекеттин ишкерлерин ошондой эле колдо болгон инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга, анын ичинде өнөр-жай мүмкүнчүлүктөрүн салыштыруу боюнча бири бирине иш сапарга чакырууга макулдашты.

Коммерциялык жана өнөр-жай семинарларын, конференцияларды жана тыгыз кызматташуу максатында соода-экономикалык миссияларды өткөрүү жөнүндө бир келишимге келишти.

Кыргыз тарап Сауд Аравиясынын Кыргызстанга жеке секторду инвестициялоо үчүн инвестициялык жана коммерциялык мүмкүнчүлүккө тиешелүү маалыматтар менен камсыздоо талабын эске алды.

Тараптар Сауд Аравиясындагы жана кыргыз компанияларындагы түрдүү тармактардагы бизнес мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алмашуунун зарыл экендигине токтолушту.

Сауд тарабы Кыргыз Республикасынын Соода- өнөр-жай палатасы менен кызматташууну бекемдөө, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода алмашууга көмөк көрсөтүү максатында Сауд экспорт программасын ишке киргизүү үчүн биргелешкен иш-чараларды уюштуруу зарылчылыгына токтолушту.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүсүнө Сауд өнүктүрүү фонду көрсөтүүчү жардамга ыраазычылык билдирди жана СӨФ тараптан жеңилдетилген шарттарда насыя берүү жана грант түрүндө каржылоонун шарттарын жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

СӨФ учурда Кыргызстанда эки долбоорду каржылайт, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн үч жеңилдетилген насыяны колдоого алган. Кыргыз тарап СӨФгө айыл чарбасы, саламаттык сактоо, ирригация жана жолдорду кошо түрдүү секторлордо салым кошууну сунуш кылды.

Ошону менен бирге кыргыз тарап СӨФтү Балыкчы- Ананьево -Каракол, 104-220км автожолун реконструкциялоо” долбоорун каржылоо маселесин Араб координациялык тобунун курамында талкуулоону сунуш кылды.

Ошондой эле кыргыз тарап, Сауд өнүктүрүү фондун Балыкчи – Кочкор – Кара-кече” темир жолунун курулушун жана "CASA 1000"(Борбордук Азия Түштүк Азия) долбоорун каржылоо мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү сунуш кылды.

Тараптар мындан ары СӨФтүн каражаттарын түз сүйлөшүү жүргүзүү аркылуу талкуулоону макулдашты.

Тараптар төмөнкү тармактарда кызматташууну ишке ашырууну макулдашты:

- эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык банктардын кредиттик маалыматтарын жана отчеттору менен алмашуу үчүн кызматташууну кароо;

- чет өлкөлүк банктар үчүн Сауд экспорт программасы сунуш кылуучу каржылоо мүмкүнчүлүктөрү менен кыргыз банктарын тааныштыруу, ошондой эле кредиттик кызмат көрсөтүүнүн маркетингдик программасын үйрөнүү.

Сауд тарабы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Сауд Аравиясынын банктык көзөмөл жана жөнгө салуу жаатындагы мамлекеттик органдын ортосундагы меморандумга кол коюу маселесин кароого кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде сауд тарап кыргыз тараптын сауд финансы институттарынын коммерциялык банктардын капиталына же/жана банктык эмес финансылык мекемелердин капиталына катышуу мүмкүнчүлүгүн кароо сунушун белгиледи.

Сауд тарабы кыргыз тараптын ислам банктарын жөнгө салуу жаатында техникалык окутууну уюштуруу жөнүндө, ошондой эле банктык көзөмөл жана жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча кыргыз тараптын сунушун кабыл алды.

Мындан тышкары сауд тарап эмгек ресурстары жаатында макулдашууга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Кыргыз тарап Сауд Аравиясынын социалдык пенсия менен камсыздоо системасындагы учурдагы абалы жана өнүгүү перспективалары, ошондой эле Сауд Аравиясынын пенсиялык системасынын бюджетин түзүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүү сунушун берди, ошону менен бирге тараптардын ортосундагы мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздоо жаатында кызматташуу боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюу боюнча кыргыз тараптын кызыгуусун белгилей кетти.

Ошондой эле тараптар Ажыга баруу мезгилинде эпидемиологиялык көзөмөл жана инфекциялык ооруларга контрол жүргүзүүнү Хадж жана Умранын бардык сыйынуучулары үчүн саламаттык сактоо министрлиги берген санитардык талаптарды сактоону ишке ашыруу жөнүндө келишишти.

Кыргыз тарап тараптардын саламаттык сактоо секторунда инфраструктуралык инвестициялык долбоорлорду анын ичинде гранттык негиздеги жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлору ишке ашыруу жаатында тыгыз кызматташуунун зарыл экендигин белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар айыл чарба продукциясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү сунуш кылышты (жемиштер, мөмөлөр, тоңдурулган эт, кургатылган мөмө-жемиштер, бал) жана тоют даярдоодо колдонулуучу дан (арпа, жүгөрү, соя, чигит) жана башка комбикорм жасалуучу дандардан жашыл тоют өндүрүүнү инвестициялоо мүмкүнчүлүгүн изилдөө сунуш кылынды.

Кыргыз тарап Сауд Аравиясы үчүн продукцияны экспорттоо үчүн Чүй облусунда эт азыктарын кайра иштетүү боюнча логистикалык борбор түзүү маселесин талкуулоону сунуш кылды. Ошону менен бирге мал чарба продукциясын өндүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жана малдын породаларын жакшыртуу боюнча тажрыйба алмашуу боюнча макулдашты. Жаныбарлардын жана канаттуулардын ооруларын аныктоо боюнча жаңы лабораториялык ыкмаларды үйрөнүүгө кызыкчылыгын билдиришти.

Тараптар курчап турган чөйрөгө таасир этүүнү баалоо жана башкаруу маселелери боюнча, ошондой эле суунун жана абанын сапатын контролдоо жаатында экологиялык стандарттарды жана жол-жоболорду жаңылоо жана иштеп чыгуу боюнча кызматташат.

Кыргыз тарап Сауд Аравиясынан инвестиция тартуу менен аквакультура жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүн иликтөөгө, ошондой эле мал чарбасы жаатында (кой эчкилер) кызматташууга кызыкчылыктарын билдиришти, б.а Кыргыз Республикасына гранттык негизде пилоттук долбоорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Тараптар өсүмдүктөрдү коргоо боюнча улуттук кызматтардын ортосунда тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашты.

Кыргыз тарап мурда иштеп жаткан мекемелердин базасында айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишкана куруу жана жаңы объекттерди курууга жана Кыргыз Республикасынын тамак-аш азыктарын кайра иштетүү мекемелериндеги шарттарды карап чыгуу маселелерине токтолушту.

Адал индустрия” жаатында кызматташуу максатында кыргыз тарап төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну суранды:

-адал стандарттары жаатында ченемдик-укуктук базаны иштеп чыгууга консультативдик жардам жана адал индустриясынын стандарттары жана ченемдик укуктук актыларын ишке киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу;

-адал индустрия жаатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Сауд Аравиясынын компетенттүү органдарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүү.

Кыргыз тараптан Сауд тарапка Сауд тарап менен биргелешкен адал продукция өндүрүү боюнча канаттуулар фабрикасын инвестициялоо жөнүндө макулдашуунун долбоору берилди.

Тараптар Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин алдындагы Метрология жана стандартташтыруу жана Сауд Аравия Королдугунун Стандарттар, метрология жана сапат уюмунун ортосундагы стандартташтыруу жана метрология жана шайкештикти баалоо жаатында техникалык кызматташуу программасына (ТКП) кол коюну талкуулоого макул болушту.

Тараптар төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:

-электр энергиясы жаатында билим жана тажрыйба алмашуу;

-эки мамлекеттин ортосундагы товар алмашууга тоскоол болуучу тоскоолдуктарда талкуулоо.

Мындан ары тыгыз кызматташуу максатында Тараптар соода, өнөр-жай жана калыбына келүүчү энергияны өнүктүрүү боюнча семинарларды, конференцияларды өткөрүүнү макулдашышты. Геология жана тоо кендерин казуу тармагында адистер ортосунда тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну, Кыргыз Республикасынын эксперттерин геологиялык жана тоо иштерин заманбап технологияларды пайдалануу менен инновациялык ыкмаларды колдонуу менен тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу каралды.

Тараптар эки мамлекеттин жүк ташуучулары эки мамлекеттин ортосунда түз учууларды уюштуруу максатка ылайык экендигин иликтеп чыга тургандыгын макулдашты, ошондой эле кыргыз зыяратчыларын Сауд Аравиясынын Королдугунун Хадж министрлигинин жыл сайын иштеп чыгуучу нускамасына ылайык ташууну улантууну макулдашты.

Билим берүү жана илим изилдөө жаатында университеттер менен изилдөө борборлорунун ортосундагы кызматташууну кеңейтүүнүн зарылчылыгын белгилешти. Ошону менен бирге эки мамлекеттин билим берүү мекемелеринин ортосунда илимий-техникалык жана административдик жаатта билим берүүчү мекемелердин ортосунда тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашылды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу